ЭМНЕГЕ ЕВРЕЙЛЕРДИН УЛУТУ АТАСЫНАН ЭМЕС, ЭНЕСИНЕН АНЫКТАЛАТ?

Мындай көрүнүш жөнүндө уктуңар беле? Таң калаарлык, бирок көпчүлүк калктан
айырмаланып, еврейлерде адамдын улуту атасынан эмес, энесинен аныкталат. Эмне үчүн
мындай экендиги боюнча бир канча жоромолдор бар. Эң белгилүүсү экөө:

 

Биринчи жоромол: Тора

Тора диний законуна ылайык, еврей эркектери еврейден башка аял алууга
тыюу салынган. Башка улуттан болгон энеси баласына татыктуу тарбия бере
алышпайт деп эсептешет. Ошондуктан, эгер энеси еврей болбосо, баласы да
еврей боло албайт, себеби баласынын инсан болуп калыптанышына энеси
таасир берет. Эгер башка улуттагы аял еврейлердин диндик милдеттерин
кабыл алып динин өзгөртсө, баласын да еврей деп эсептешкен.

 

Экинчи жоромол: Күмөн

Бул жерде күмөн жөнүндө сөз болмокчу. Еврейлер башка улуттун аялдарына
ишенишпейт, аял канчалык ишеничтүү жана адептүү болсо дагы баласынын
атасы өз ата болгонуна күмөн санашкан. Атасына караганда энесин
далилдеген оңой болгондугуна байланыштуу, баланын улутун энесинен
аныктоону чечишкен. Эгер атасы башка улуттан болуп, энеси еврей болсо,
баласы еврей болуп эсептелет.

Булак:anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу