Эмнеге ажырашкан кыз-келиндерди жеңил ойлуу дешет?

Саламатсыздарбы, сиздерден кеңеш алайын дедим эле. Мен 23 жаштамын. Күйөөгө тийип чыккам, 3 ай мурун ажырашып кеттик. Себеби бул деп анык айта албайм, бири-бирибизге көнө албай койдук. Ортодо балабыз жок. Бизде билесиздер да, күйөөдөн чыккан кыздарды жеңил ойлуу деп ойлошот. Кайда барбагын тийишип, төшөккө тартуу аракетин көрүшөт.  Бирок мен аларга  чын эле жеңил ойлуу болуп баш бергим да,  мамиле  кургум  да келбейт. Жигиттер менен үй-бүлө куруу максатта олуттуу сүйлөшөйүн деп аракет кылам, бирок мени дагы эле максатсыз, күнүмдүк жашоосун ойлогон кыздай кабыл алышат. Негизи эле түшүнүктүү мырзалар барбы? Минтип жүрүп мындан кийинки үй-бүлөмдү кантип курам? 

 ЖООП: Илья Комаровер, психотерапевт

Урматтуу айым, бат эле ажырашып кеткениңиздер өкүнүчтүү экен. Сиздей көйгөйү бар аялдар мага көп кайрылышат. Бул эми актуалдуу суроо. Кыргызстанда гана эмес жакынкы өлкөлөрдөгү никелердин 80% ажырашуу менен аяктап жатат. Мунун эң олуттуу себеби — жубайлар бирин-бири уккусу келбейт, кандай гана чыр-чатак болбосун “ажырашам, башкасын табам” деген сөздөр менен аяктайт. Ажырашканы-ажырашып алып, өздөрүнө болгон ишеними төмөндөйт. “Күйөөм же аялым биринчимдей болуп калса эмне кылам” деп экинчи нике куруудан коркуп жүрө беришет. Бул эми  биринчиден.

Экинчиден, биз бири-бирибизди кабыл алгыбыз келбейт. Ошол эле күйөөңүз башка үй-бүлөдө тарбия алган, чоңойгон. Албетте ал сизге окшош болбойт. Тандаган жарыңызды кабыл алып, аны түшүнүп, пайда болгон кыйынчылыктарды чогуу жеңсеңер гана бактылуу болосуңар. Баарын сүйүү башкарышы керек. Мамиле курганды, аны сактай билгенди үйрөнүү зарыл. Болбой калды деп эле ажыраша берсек аягы эмне болот. Эми келечекте булар эсиңизде болсун.

Өзүңүздүн табитиңиздеги жигиттерди байкап көрүңүз. Албетте сиз күткөндөй мырзалар бар. Сөзсүз түрдө өз түгөйүңүздү табасыз. Мен сизге ийгилик каалайм!

БУЛАК:bilesinbi.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу