Эмнегедир күйөөмдүн көзүнө чөп сала берем…

Мадина аттуу окурманыбыз өз жашоосу тууралуу жазып, кеңеш сурап, NazarNews.kg агенттигинин кат куржунуна кайрылган. Окурманыбыздын суранычы боюнча анын тагдырын сиздер менен бөлүшүүдөбүз.

Атым Мадина. Өзүм Таластан болом. Жашым отузда. Турмушка чыккам, бир кызыбыз бар. Коомдук мончонун “барный стойкасында” суусундуктарды-ичимдиктерди сатып иштейм.

Күйөөм өтө жакшы адам. Сүйүшүп жүрүп, эле баш кошконбуз. Бирок менде бир чоң кемчилик бар. Эмнегедир мага сөз айткан эркектерге жок дей албайм. Жолдошум экөөбүздүн түтүн булатканыбызга 5 жыл болсо, анын үч жылын мен күйөөмдүн көзүнө чөп салып келдим. Билем, туура эмес экендигин, бирок токтотконго эрким жетпейт.

Апамдын айылында бир эже бар, ал мага окшоп ойноштук кылып жүрүп, бир күнү күйөөсү менен кошунасы ичимдик ичип отуруп аялынын айынан уруша кетишкен экен. “Сенин аялың сойку, ар ким менен жүрөт”- деген кошунасына жети жолу бычак менен ичке урган. Курган байке “киши өлтүрүү” деген берене менен түрмөгө кесилип кетти.

Мен ар күнү ошол окуяны эстеп корком, бирок ойношторум менен жолуга берем. Балким бул ооруу. Эмне кылышты да билбейм.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу