ЭМИ МЕКТЕПКЕ БАЛАНЫ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АКЧА ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей,  эми мектепке баланы киргизүү үчүн ата-энелерден акча алынбайт.

Кудайбердиеванын айтымында  мектептердин жетекчилиги каражат ыктыярдуу түрдө берилүүдө десе, ата-энелер директорлор акча талап кылгандыгына арызданышууда. Бул маселе өзгөчө Бишкекте курч  тургандыктан, ведомство мэрия менен биргеликте тиешелүү буйрук чыгарат.

Эгерде эреже сакталбаса, мектеп директорлору иштен алынат.

Белгилей  кетсек,  Бишкекте айрым кадыр-барктуу деп эсептелген мектептерге балдарын киргизүү үчүн ата-энелер 1 миң долларга чейин берүүгө аргасыз.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу