Эми Икрам Илмияновго журналисттер кызыкпай калабы?

Буга чейин маалымат каражаттары Икрам Илмияновдун кадрларын санай беришип, анын «Серый кардинал» экенине көндүрүп койгон. А азыр болсо Икрам акеңер баштагыдай кадрларды кызматка көтөрүү же алуу жагынан активдүүлүгүн жоготуп баратыптыр. Өзгөчө президенттин кеңешчилигинен кеткенден бери, аны башка министрлер укпай баштаганына көзүбүз жетип отурат. Тескерисинче, бүгүнкү күндө Илмияновдун сүйөп-таягандары айрым кызматтардан сүрүлө баштаганы эмнени билдирет? Таасирин жоготконубу? Ошого катар бизнестерди «крышалоо», саясый ортомчулук иштерди жүргүзүү жагынан да мурдагыдай тили өтпөй калганын эшиттик. Эмесе, эми прессадан Икрамды тепкилгендер да солгундайт окшойт…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу