Эми баары бүтүп, сакал салыгы киргизилди, аны бузгандар жоопкерчиликке тартылат

Казакстандын Мусулмандар союзу сакалга салык салуу сунушун киргизди. Бул тууралуу NUR.KZ. агенттиги билдирди. Мусулмандар союзунун башчысы Мурат Телибеков Франциянын, Англиянын жана Россиянын тажрыйбасын алууну айтты.Өткөн кылымдарда ушул мамлекеттердин башчылары сакалга салык алышкан.

Казакстандык белгилүү экономисттер жана теологдор сакал коө бергенди жакшы көргөндөргө киргизилүүчү салыктын системасын иштеп чыгышты.

Казакстандын мусулмандар союзунун, сакал салыгы боюнча оңдолгон мыйзам долбоору:

— Узундугу 12,4см болгон кара сакалга (мурут) — бир жылга 1530 доллар;

— Узундугу 12,1 см сары сакалга (мурут) — бир жылга 1214 доллар

— Узундугу 11,8 см болгон боюөлгон сакалга­ бир жылга 1127доллар

— Желкеден келген, 11,6 см сакалга — бир жылга 1038 см;

— 10.9 см узундуктагы сакалга — бир жылга 841 доллар;

— 10, 4 см узундуктагы сакалга — бир жылга 12 доллар айып салынган;

Андан тышкары, чачтын узундугу 1 см 7 мм. ден ашпоо керек.

Мыйзамды бузгандар жоопкерчиликке тартылышы каралган. Сакал коюуга жана кара кийинүүгө мусулмандардан башка бардык дин өкүлдөрүнө тийиштүү.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу