ЭМИЛ ҮМӨТАЛИЕВ ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА СУРАК БЕРДИ

«Kyrgyz Concept» компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбө катары сурак берди.

Буга чейин март айында Үмөталиев УКМКга сурак берүүгө чакырылган болчу. Эмил Үмөталиев убактылуу өкмөттө Экономикалык жөнгө салуу министринин кызматын убактылуу аткарып турган.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу