Эмил Эсеналиев: «Камерада башка, жашоодо башка адаммын»

Учурда Инстаграм баракчасында Эмил Эсеналиевдин ар бир видеоролиги эң көр көрүүгө ээ болуп, өзгөчө жаштар арасында популярдуу болуп турган кези. “Актёр катары бийиктиктерге жетким келет” деген кыялдын ээси жакында режиссёр Руслан Акун тарткан “Көк бөрү” тасмасында башкы ролду жаратып, өзүн көрөрмандарга башка өңүттө да көрсөткөнү турат.

— Эмил, сенин өзгөчө ролдоруңду акыркы учурларда Инстаграм баракчасынан эле көрүп калдык. Бир эле учурда элдин маанайын ачкан жана жарнама берүүчү тарапка жага тургандай роликтерди тартып жатасыңар, демек, бул тармак кирешелүү болуп атса керек?

— Ооба, мен азыр Инстаграм менен эле иштеп атам. Бир жарнаманы тартып, даярдап, чыгарп бергенибиздин басы 500 доллардан өйдө болот. Роликтерди уюлдук телефон менен эле тартабыз. Азамат Исмаилов экөөбүз биргелешип иштейбиз, дагы инилерибиз бар. Биз жарнама тартабыз деп бирөөгө сунуш кылып көрө элекпиз,өзүлөрү эле кайрылышат. Кудайга шүгүр, тапкан кирешебиз жакшы, учурда Инсаграм биз үчүн жумуш сыяктуу болуп калды. Ошондон улам Азамат экөөбүз тең тойлордо тамадалык кылууну токтотконбуз, чыгармачылык менен иштөөнү чечкенбиз. Биз азыр роликтер, кино жаатына көп көңүл буруудабыз.

— Учурда кинотеатрларда коюлуп жаткан “Чала спортик” тасмаңарды чет өлкөгө барып тартып келдиңер эле, кино өзүнө кеткен чыгымды актадыбы?

— “Чала спортикти” Малайзиядан тартып келип элге койсок, жакшы кабыл алды. Кудайга шүгүр, учурда өзүн актап калды. Бирок дагы деле прокаттан алына элек, кинотеатрларда коюлуп жатат.

— Комедиялык жанрдан башка кандай тасмаларга тартылууну смайсың?

— Жакында режиссёр Руслан Акундун “Көк бөрү” аттуу тасмасына тартылып бүттүм. Аталган тасманы казак-кыргыз актёрлору менен биргеликте тартты. Мен башкы ролду жараттым. Буюрса, Казакстанга да өзүмдү актёр катары көрсөтөм деп турам. Кино 20-сентябрда коюлат деп атышат. Мен бул тасмага тартылууга барганда эле, башкысы, мен үчүн гонорар эмес, долбоор маанилүү дегем. Анткени бул тасмада мыкты тартуучу топ иштеди. Мен үчүн эң жакшы тажрыйба болду.

— Салмактуу тасмаларга тартырып баштаптырсың, негизи актёрдук жактан билимге ээ болсом дейсиңби?

— Мен чынында билими жок эле актёр болуп жүрөм. Актёр болуу үчүн биринчи кезекте тубаса талант болуш керек. Бирок, албетте, окуш да шарт. Бул нерсе оюмда бар болгону менен ишке ашыра албай жүрөм. Анткени мен тапшырып коюп эле беш жылдан кийин диплом алып алууну каалабайм. Ырас, окууга тапшырдымбы, күн сайын барып билим алып, татыктуу дипломго ээ болушум керек. Үй-бүлөлүү адамга окуш кыйыныраак болуп калат экен. Азыр жолдорун ойлонуштуруп атам. Убагында окуп койсом болмок экен. Бирок биз “Тамашоунун” мектебинде чоңойдук да, ошол нерсе бизге көп жардам берди.

— Чын эле, силердин багыңарды “Тамашоу” ачты да. Ошол кезде “Тамашоу” болбогондо эмне кылам деген пландарың бар эле?

— “Тамашоу” болбосо эмне кылат элем айта албайм. Мен да ушу суроону көп ойлоном. Ырчылыкка аракет кылсам керек эле. Анткени ага чейин Самат экөөбүз ырдап жүрчүбүз.

— Өзүңдү ырчы катары көрсөтүүгө, тескерисинче, азыр мүмкүнчүлүктөр көп да.

— Менин оюмча, ар бир адам ары эмес же бери эмес болбой бир багыт менен кетиш керек. Учурда өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн ырдап коём, жаккан ыр болсо студияга барып жаздырып да калам. Бирок аны телерадиого берип, ошонун артынан акча тапкым келбейт. Ал эми актёрдук жактан аракет кылып өскүм келет.

— Кайнатаң Марат Козукеев мыкты актёр эле, актёрдук чеберчилик боюча кеп-кеңешин угуп калдыңбы?

— Албетте, маектешип кеп-кеңешин угуп калдым. Менин таланиыма жакшы көз карашта болчу. “Сенде тубаса талант бар. Чоң-чоң тасмаларга тартылып, олутту ролдорду ойношуң керек”, — деген жакшы пикирлерин айтчу. Андай профессионал актёрлор мактап атса сыймык да, кубанып калчумун. Тагдыр экен да, арабыздан эрте кетип калды. Биздин чогуу тасма тартуу планыбыз бар эле: ал киши режиссёрлук кылмак, мен башкы ролду ойномокмун. Тилекке каршы, күтүүсүздөн бизди таштап кетип, аны тарта турган акчага “Чала спортикти” тарттык. Бирок даяр турган драмалык ал сценарийди да Азамат экөөбүздүн жарыкка алып чыгуу тууралуу планыбыз бар. Жакшы режиссёр таап, көбүрөөк каражат жумшап, жакшы, олутту тасма тартып “Мрат Козукеевдин элесине арналат” деп элге коёбуз. Жакынкы пландарда бар.

— Акыркы учурларда роликтерге келинчегиңди да тартчу болдуң…

— Келинчегим Айгерим актриса. Өзүңөр билгендей, чоң тасы, чоң апасы, кайнатам Марат Козукеев, кайненем болуп тукуму толук актёр-актрисалар, өзү тетарда чоңойгон. Бирок бир үйгө бир эле артист жетишет деп учурда визажисттик боюнча билим алып жатат.

— Үйдө кандай кожоюнсуң?

— Мен 16 жакша чыкканымда апам бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Ошондо 2 жарым жаштагы карындашым менин колумда калган. Карындашымды карап, анын кийимдерин жууп, камыр жууруп, тамак жасап, нан бышырып, айтор, үйдөгү аял кишинин оокатын жакшы жасачумун. Кийин байкелерим үй-бүлөө куруп, жеңелерим пайда болгондо гана түйшүктөн арылгам. Бала жаш кезде түйшүк тартса көңүлү калып калат экен, азыр жалкоомун, тамак да жасабайм. Ал эми шыбак шыбап, эркеке тиешелүү иштерди жасай алам.

— Шыбак шыбаганды билсең, өзүңө үй курп алсаң керек?

— Мен үйдө эркек балдардын кичүүсүмүн, андыктан Ак-Өргө жаңы конушундагы ата-энемдин үйү меники. Улуу агаларым бөлүнүп кетишкен. Атам апам каза болгондон кийин үйлөнгөн. Учурда ата-энем, карындашым, менин чакан үй-бүлөм болуп чогуу жашайбыз.

— Уулуң канча жашка чыгп калды, актёрдук шыгы бар экенин айтып каласың?

— Уулум Хамзад 2 жашта. Балам чоңойсо актёр болом десе керек деп ойлой берем. Анткени кээде өнөрүн көрсөтүп калат. Өзүм аябай баласаакмын, баламын ою менен болом. Бирок кичине акылына киргенде катуу карамаганга аракет кылам деп калам. Негизи эле үй-бүлөнү эркек кишинин катуу эле кармаганы туура болот го деп ойлойм. Мурда карындаштарымды да катуу кармачумун.

— Жашоодо да тамашакөй адамсыңбы?

— Менин тамашаларым камера “баштадык” дегенде башталат. Болбосо өзүм жашоодо өтө олуттуу адаммын. Андыктан камерада таптакыр башка, жашоодо башкамын десем болот. Айрымдар мени жеңил ойлуу, жаш баладай көрүп мамиле кылышат. Аларга айла жок атуу айтканга туура келет, андан улам бул көпкөн бала турбайбы деп ойлоп калышат экен. Бала кезден мүнөзүм катуу. Мисалы, Манас Алыкулов ачык, жашоодо деле баары менен сүйлөшүп кете берет, мен адам менен жакындан таанышкандан кийин гана ачыла алам.

Булак: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу