Эмил Токтошев: «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлору жөнүндө көптөн бери айтылып келет, анысы сөз бойдон калууда, жоопкерчиликти ким алат?»


«Акылдуу шаар» долбоору менен «Коопсуз шаар» долбоорунун эмне айырмасы бар? Азыр кайсы долбоор ишке ашырылууда? Жогорку Кеӊеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүк саат өтүп жатканда, депутат Эмил Токтошев өкмөт өкүлдөрүнө ушундай собол салды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Коопсуз шаар» долбоору «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү болуп санала турганын, ал анын 10 пайызын түзөрүн белгиледи.
Депутат Эмил Токтошев Өкмөт бул долбоорлорду өз күчү менен ишке ашыра алар-албасына кызыкты. «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлор жөнүндө көптөн бери айтылып келет, анысы сөз бойдон калууда, деги жоопкерчиликти ким алат? Ишке ашыра аласыӊарбы? Долбоорлордун наркы канча?», — деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр аталган долбоорлор боюнча команда түзүлгөнүн, иш жүрүп жатканын айтты. «»Коопсуз шаар» долбоору бюджеттен каржыланбайт. Мында бизге Москва шаарынын тажрыйбасы туура келет окшойт. Биз бул долбоорду катталган жол эрежелерин бузууларды бизге сата турган компанияга беребиз. Азыр мамлекет «Инфоком» мамлекеттик ишканасында башкаруу тутумун түзүүдө», — деген жообун берди Кубатбек Боронов.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу