Эмил Каптагаев: «Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?»

«Жарымы төгүн, жарымы чын…» деп айтылгандай бүгүнкү Атамбаевдин энергетика тармагы, анын ичинде Бишкек ЖЭБиндеги авария жөнүндө саймедиреп жазганы да ошондой эле болуп калыптыр… Толук айтылбаган ЧЫНДЫКты чындык дебейт…Жарым чындык деген КАЛП болот.

Чынын айтсам Атамбаевдин бул билдирүүсү эмне максат менен таратылганын түшүнгөн жокмун. Анткени азыр тергөө иштери жүрүп жатат, бир топ киши камакта отурат, жакында сурак бүтсө сот болот, мына ошондо чыгат да ачыкка иштин чоо жайы. Мына ошондо тергөө жарыя кылган фактылар боюнча жооп берүүгө болот эле го… Ал эми Атамбаев болсо азыртадан эле тергөө иштерин жокко чыгарып, ачыкка чыккан фактыларды танып, камалгандарды актап салып жатпайбы… Ушул акылга сыйар ишпи…? Азыр «…баары сонун болгон, баары туура болгон, камалгандардын баары ак…» — деп айтып жатканына ким ишенет деги?

Макул деп Бишкек ЖЭБине ишенейин десең бул жакта Тарых музейи турат, ага деле көз жумайын десең тиги жакта Максим Бакиевдин жерине салынган Хансарай турат элдин бүйүрүн кызытып…Ошол эле «Датка-Кемин» проектисин, Түндүк — Түштүк жолун кайра текшериш керек деп депутаттар чырылдап жатышат… ал жактан дагы бир балее чубалып чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Шаан-шөөкөт менен салынган Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча да кылмыш иши козголду…Башында 650 млн сомго бүтөт деген ат майдан аягы барып 1 миллиард 650 млн сомго бүтүп жатпайбы… «Манас» аэропортун, «Кумтөр» алтын кенин, Бишкек шаарындагы жер сатуу деген иштерди айтпай эле койо туралы…булардын ар бири өзүнчө узун жомок.

Атамбаевдин энергетика тармагын шумдуктай кылып оңдоп жибердим, мага чейин эч кимдин мээси жеткен эмес дегендей кылып бүтүндөй ишти өзүнө карай оодарып, өз көмөчүнө күл тартып жатканы таптакыр шоона эшпейт… Анткени «Датка-Кемин» тиги Акаевдин учурунда эле талкууланып, ошол мезгилде эле чечим кабыл алынган… «Датка» станциясы Бакиевдин тушунда курулуп-курулуп жүрүп отуруп 2012-жылы Атамбаевдин тушунда бүтүп калды болгону… Ал эми Бишкек ЖЭБин кайра калыбына келтириүү ишин Максим Бакиев Кытайга барып сүйлөшүп келгенин элдин баары билет. Бирок ал 150 млн долларга деп сүйлөшсө эмне үчүн аны Атамбаев 386 млн долларга көтөрүп жиберди? Бул суроого жооп жок.

Туура, энергетика тармагын оңдош керек эле, аны эч ким жок деген жок. Бирок ошол оңдойбуз деп Кытайдан карызга алган акчанын ар бир тыйынын сарамжалдуу пайдалануу зарыл эле да… Мына, 600 долларлык аттиш, музейге алынган 22 миң евролук желим ат ооздон-оозго өтүп аңыз болуп айтылып калды… Эң кейиштүүсү ал карыздар үстөк пайыздары менен айланып келип эле элдин башына түшкөн мүшкүл болуп жатпайбы…

Айтпайын эле дейсиң, «айткандын оозу жаман…» дегендей болбой… Бирок асмандан эми эле түшө калгансып «билдирүү» таратканын, анысы менен чаң сапырып, тумандатып элдин башын айлантууга, коомчулукту алдоого аракет кылып жатканын көрүп туруп тынч да отура албайт экенсиң…

Э.Каптагаев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу