Эмил ЖУРАЕВ, саясат таануучу: “Атамбаев кайра саясатка келсе катуу жаңылат”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 4 айлык тыныгуудан кийин кайрадан саясатка аралашып, КСДПнын башына келүүнү эңсеп жатканы анын санаалаштарынын аракетинен байкалууда. Алар акчага сатылган эксперттердин, көзү ачыктардын, бүбү-бакшылардын оозу менен экс-президентти байдын кызындай мактатып, Атамбаев кайрадан саясатка келиши керек деген пикирди коомчулукка таңуулоодо. Бирок, эл арасында экс-президентке каршы пикир басымдуу болуп, анын жоопкерчиликке тартууну талап кылгандардын катары күн сайын артып баратат.

Саясат таануучу Эмил Жураев да Атамбаевдин кайрадан саясатка аралашышына каршы экенин “Жалбырак ТВ” интернет-телеканалына курган маегинде билдирген. Анын айтымында, экс-президент кайра бийликке келем деп саясатка аралаша турган болсо катуу жаңылат. “Атамбаев деле саясаттагы таасири реалдуу басаңдай турганын мурдатан эле түшүнгөн болсо керек. Анткени, өзү башкарып тургандагыдай таасирди кармап калуу мүмкүн эмес. Эл арасында аны кайра бийликке келет экен деген сөздөр жүрүп жатат. Атамбаевдин премьер-министр баштаган кадрлары президент менен тил табышууда кыйналып жатканын айтууда. ТЭЦ сыяктуу ири долбоорлордун айланасындагы сөздөргө экс-президенттин ысымынын аралашып калганы ал кишиге да жакпайт. Ошол үчүн өзүнүн атын коргош үчүн, саясый мурасын коргош үчүн кайра келет деген сөздөр айтылууда. Бирок, ал кайра саясатка келсе чоң жаңылыштык кетирет”, — дейт ал.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу