Эмилбек Каптагаев: «Өмүрбек Текебаев негизсиз камакта жатат» деп, көзүнө жаш алды.

Саясатчы Эмилбек Каптагаев, камакта жаткан экус-депутат Өмүрбек Каптагаев тууралуу өзүнүн пикирин Фейсбук аркылуу билдирди.

«Текебаев өлкөдөгү акыйкаттык үчүн күрөштүн туусуна айланчудай болуп калды, кырдаал ошол өңүттү карай жылды окшойт. Текебаевди жок кылам, биратоло атын өчүрөм деп жатып Атамбаев аны таптакыр актап, көкөлөтүп өйдө көтөрүп таштады, ага чейин өзү эле айтып келе жаткан «мародер» деген айыбын да алып салган, жалган жалаа менен соттолгон Текебаев азыр таза, ага эч кандай доомат жок.

Атамбаев айласы кеткенден улам жалган жалаага такап түрмөгө отургузганына элдин баарынын көзү жетти, миллиондогон долларлардын кайсы чөнтөккө кандайча болуп кирип кеткенин билгенден кийин кептин төркүнү кайда экенин түшүндү жакшы эле.

Кайсы жерге барбагын, эл чогулган жерде биринчи эле суроолор ушул: «Текебаев качан акталат, түрмөдөн качан чыгат, өлтүрүп коюшпайбы…?» — деген. Текебаевди түрмөдөн чыгарбай туруу чечими менен коомдук жана саясий процесстердин агымы башка нукка бурулуп жатканын бийлик түшүндүбү же жокпу, аны билбейт экенмин.

Бирок жагдай ушундай, Текебаев менен Чотоновдун түрмөдө отуруусу «Кыргызстанда сот акыйкаттыгы барбы же жокпу, мыйзамдуулук калыбына келип жатабы же жокпу?»- деген суроолордун аныктагыч белгиси болуп калат. Алар түрмөдө отурганда «акыйкаттык, мыйзамдуулук, калыстык, укуктук тартип»- деген сөздөрдү ким айтса дагы, кимдин оозунан чыкса дагы баары бир куру эле сөз, ооздун жели. Чындык ушундай. Текебаев кимге жагат же кимге жакпайт — бул башка кеп, бирок бул чындык менен эсептешүүгө мажбурбуз, — деп жазган саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу