Эмилбек Каптагаев, экс-губернатор: “Атамбаев 7 жыл бою Раим Матраимовдун кызматынан пайдаланды”

Дээрлик март айынан бери үн катпай, «командасынын» калың катмары камала баштаганда да реакция кылбай бугуп жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев жуманын башында, тагыраагы 19-ноябрь күнү жүзүн көрсөтүп, жеке менчик «Апрель» телеканалына маек берди. Менчик каналы болгондон кийин каалагандай сүйлөсө болот эмеспи. Анын сыңарындай ал «каалагандай» сүйлөдү, өзүнө жакпагандарга «жугунду» куюп, жарыктык киши көнгөн адаты менен бир топ адамга асылды. Эң башкысы, президент Сооронбай Жээнбековго болгон таарынычын билдирип, кайсыл сөзүнөн болбосун күнөөнү президентке байлаганга болгон аракетин жасады. Кызыгы: «ТЭЦти оңдоо иштери Жээнбеков өкмөт башчы кезинде болгон. Бирок, аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек» деди. Мындан сырткары, Атамбаев: «Бүгүн ал менин эмес, Бакиевдин жолу менен бара жатат, мен муну ачык айта алам» деген күлкү келээрлик оюн ортого салды. Албетте, бул ириң аралашкан «кыйшык» сөздөр ички таарынычтан улам чыгып жатканы жалпы элге маалым. Анткени, ажо Сооронбай Шариповичти «кол бала» катары башкарам деген Атамбаевдин «кыйды» максаты ишке ашпай талкаланып, арам ою ара жолдо быт-чыты чыккан. Айтор, жеке таарынычын мамлекеттик масштабдагы көйгөйгө айландыргысы келген Атамбаев жөн жатпай, кезектеги ызы-чууну жаратканга аракеттене баштаганы байкалып калды. Бул боюнча пикирин билдиргендерди тыңдап көрдүк.

—Атамбаев Жээнбековдон өч алуу максатында япондорчо «харакири» кылам деп жатат. Өзү 7 жыл бою Раим Матраимовдун кызматынан пайдаланды, алчусун алды, кызмат ордун жогорулатты. Анан эле өзү кетээрдин астында эсине келе калып, «досу» Сооронбай Жээнбековду коргогон болуп, Сапар Исаковго команда берип, «ишенимден кетти» деген жүйөө менен кызматынан алдырды. Көңүл бурчу нерсе, коррупцияга күнөөлөп эмес, ишенимден чыкты деген жүйөө менен. Эгер коррупционер экендигин билсе, эмне үчүн ошол кезде эле камаган эмес. Эсиңиздерде болсо, Бекназаров менен Атамбаевдин 2010-жылдагы маегинде Азимбек Бекназаров Атамбаевди «взятка» алып, Матраимовду кызмат ордунда калтыргандыгына каршы чыгып, аны кызматтан кетирүүсүн суранган. Ошол кезде Жээнбеков губернаторлук кызматта болгон жана ал дагы Атамбаевдин бул ишине нааразылыгын айткандыгын Бекназаров эскерет.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу