Эмилбек Каптагаев, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү: “Матраимов маселеси Атамбаевдин “бийликти мыкчып кармап турам” деген тилеги ишке ашпай калганынан чыкты”

 

— Эмилбек мырза, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер сот аркылуу кайрадан мурдагы ордуна келген учурлар аз эмес. Райымбек Матраимовду мурдагы ээлеген кызмат ордуна коюу жөнүндөгү сот аныктамасы эмне үчүн кызуу талаш-тартыш жаратууда? Анын негизги себебин сиз эмнеден көрөсүз?
— Бул суроонун коомдук чоң деңгээлде, мамлекеттик мааниси бар маселе катары көрсөтүүгө аракет кылып жаткан Алмазбек Атамбаев болуп жатат. Атамбаев бул жылдын март айынан бери көп эле билдирүүлөр менен чыкты, анын экөөндө ушул Матраимов жөнүндө сүйлөдү.
Атамбаев элге “Матраимов деген абдан ыплас киши, коррупционер, Жээнбеков таза адам болом десе мындай булганган адамды кармаганга болбойт” дегенди жеткиргиси келип жатат. “Жээнбековго кам көрүп, өкмөт башчы Исаковго айттырып Матраимовду кызматтан кетирткем” дегенди айтып жатат. Эми ушул ойлордон суроо туулат: эгер Атамбаев Матраимовдун ошондой жегич экенин билсе, 2010-жылы аны эмне үчүн мактап-жактап кызматта алып калды?
2010-жылы Атамбаев менен Бекназаровдун элге жайылып кеткен телефондогу сүйлөшүүсү дал ушул маселе боюнча болгон. Анда Бекназаров Атамбаевге: “Эмне үчүн Матраимов кызматта калды? Аны революциядан кийин кетириш керек болчу” деп жатпайбы. Атамбаев көгөргөн боюнча Матраимовду алып калды, кийин бажы жетекчисинин орун басарлыгына чейин көтөрдү. Бул убакка чейин Мамлекеттик бажы кызматына далай жетекчилер келип кеткен, анын баары менен элдин иши деле жок болгон. Ушунун баары көрүп отуруп, Атамбаевге: “Матраимов ушунчалык эле ыплас киши болсо, эмне үчүн жети жыл аны кармап жүрдүң?” деген суроо туулат.
Бул жерде эки жүздүүлүк болуп жатат. Убагында Атамбаев Райымды чакырып, “эми Жээнбеков менен эмес, Исаков менен иштешесиң” деп айтканда, ага макул болбой коюшу мүмкүн. Чатактын төркүнү Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы менен байланыштуу, “президенттен кетсем да бийликти мыкчып кармап турам” деген тилеги ишке ашпай калганында болуп жатат.
— Матраимов чындап коррупционер болсо Атамбаев эмне үчүн аны убагында камакка алган жок?
— Атамбаев Матраимовду “коррупционер” деп күнөөлөп, “а” дегенден кийин, эми “б” деп аны далилдеши керек. Атамбаев өзү иштеп турган убакта «Матраимов кандай булганыч иштерди жасады эле же өзү жасашты эле, бажыдан канча акча агып сол чөнтөккө түшчү эле, ошонун башында Матраимов турган» деп өзү тастыкташы керек. Атамбаев фактысы жок эле “ал булганыч киши” деп эле туюк айтып жатат.
— Мурунку президент Атамбаев сот чечимине өз оюн билдирип, “бул саясий оппоненттерден өч алуу аракети, азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүү курсунун кадырын кетирет» деп билдирди. Буга кандай карайсыз?
— Атамбаев бул сөздү экинчи жолу айтып жатат. Ал Матраимовду азыркынын баарын уюштуруп жаткан адам катары көргөзүүдө. «Исаковду, Кулматовду, Ибраимовду да өч алуу үчүн отургузган да Райымбек Матраимов» дегендей кылууда. Соттордун ишин тескеп аткан да Матраимов имиш.
Биринчи май райондук соту “Матраимов бажыдагы кызматынан мыйзамдуу кеткенби же мыйзамсызбы” деген бир эле маселени карады. Сот болсо чечиминде “өкмөт Матраимовду мыйзамсыз кетирген” деди, бул маселенин бир жагы. Экинчи жагы — ал ушунчалык эле коррупционер болсо ага тиешелүү органдар фактылар менен тастыктап бериши керек. Атамбаев жана башка айтып жаткандар күбө катары суракка чакырылышы керек, далилдеп беришсин.

Булак: “Азаттык” үналгысы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу