Эмилбек Каптагаев, саясатчы: “Баш прокурор Атамбаевге кылмыш иш козгой албаса, анын ишине саясий баа берилет”

— Эмилбек агай, кечээ күнү Курултайдын аткаруу комитети “Бийликтин узурпацияланышы, анын мамлекетке жана коомго тийгизген кесепеттери” деген темады жыйын куруп, “Алмазбек Атамбаевге чукул арада кылмыш иш козгоону Башкы прокурордон талап кылабыз” деген чечимге келдиңиздер. Атамбаевге кандай негиз менен айып угузулуп, кайсыл беренелер менен кылмыш иш козголушу керек?

— Кыргыз Республикасынын 2010-жылы кабыл алынган Конституциясына ылайык экс-президенттер абсолюттук кол тийбестикке ээ эмес. Конституциянын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык “Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет”, ал эми 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык “Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн- түз колдонулат”, бул мыйзамдык ченем.

Мындан бир нече ай мурда Жогорку Кеңеште “экс-президенттин кол тийбестигин” алып таштоо керек деген демилге акыр аягында барып ошол кол тийбестикти мыйзамдаштырып, анын алып салуунун татаал механизмин киргизүү менен аяктаганы өтө өкүнүчтүү. Биз муну депутаттардын саясий оюну катары эле баалашыбыз керек. Ал эми бул маселеге Жогорку Соттун Конституциялык палатасы кийлигишип кеткени, “кол тийбестик” боюнча Палатага кайрылуу боло электе, бул иш ал жерде каралып тиешелүү чечим чыга электе эле Конституциялык палатанын төрагасы Мамыров мырзанын “эмне кылсаңар дагы Атамбаевге тийе албайсыңар” деген таризде түшүндүрмө бере баштаганы болсо саясий оюн жөн жерден чыкпаганын, анын артында терең саясий интригалар жатканын айгинелеп турбайбы.

Ошондуктан биз талап кылып жатабыз – мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Алмазбек Атамбаевге карата чукул арада кылмыш ишин козгош керек, саясий оюндар менен интригаларды токтотуш керек деп.

– Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун экс-президентке кылмыш ишин козгоого духу жетеби? Чукул арада башкы прокуратура кылмыш иш козгобосо талапты өзгөртөсүңөрбү?

– Башкы прокурордун иши “духу жетеби же жетпейби” деген жеке сапатка эмес, мыйзамдүулукка таянып жүрүшү зарыл. “Духу жетпеген” киши Башкы прокурорлукка барып иштегени туура эмес, андай болсо колду көкүрөккө алып өзү эле кетип калышы зарыл. Элдик жыйында талап катуу коюлду, эгерде Баш прокурор мындай кадамга бара албаса, анда үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында өтүүчү Курултайда анын ишине саясий баа берүү маселеси күн тартибине коюлсун деген сунуштар айтылды.

— Экс-президент “Мен өнүккөн өлкөнү, жетиштүү ресурстар менен таштап кеттим. Ошол ресурстар менен азыркылар жашап жатат…” деп айтып жатат. Калыс адам катары айтсаңыз, Атамбаев учурунда өлкөдө өнүгүү болдубу?

– Кыргыз Республикасы абдан стратегиялык жактан оңтойлуу жерде жайгашкан, бир жагыбыз Кытай, бир жагыбыз Өзбекстан менен Казакстан, ары жагы Россия. Бул мамлекеттердин баарында тең өсүү бар. Ошондуктан биз каалайбызбы, каалабайбызбы өсө беребиз, ал жактан оошуп-жугушуп келе берет. Бирок кеп ошо өсүштүн темпинде, анын жигеринде. Туура бир топ иштер аткарылды, өзү айтып жүргөндөй улуттук мааниси бар иштер жасалды, ошол эле “Датка-Кемин” чубалгысы, Түндүк-Түштүк жолу, Бишкек ЖЭБдин реконстукциясы, Музейдин ремонту… Бирок ошол улуу иштерге жамынып алып кыңыр иштер болгонун, миллиондогон долларлар мойсолуп, өлкөбүз оор карызга батып калганын айткан жок да Атамбаев. Ал эми реалдуу экономикада эч кандай алдыга жылыш болгон жок, өнөр жай өндүрүшү дагы, айыл чарбасы деле ошол эле бойдон кала берди, ал эми даңазалап, көкөлөтүп атып кабыл алынган 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы деген программа дагы аткарылбай эле калды, анын аткарылышын сураган да киши болгон жок, Атамбаев болсо ага отчёт берүүнүн ордуна кайдагы бир жомокту айтып, тиги 2040-жылга чейинки программаны айтып жатып элдин башын айлантып кете  берди. Мисалы, урушуп-талашып жатып Ысык-Көлдөн 3 маселе киргизгенбиз: Ак-Өлөң каналы, Кара-Булуң сугат түзүмү, Кара-Ойдогу канал, мына күнү бүгүн ошол эле бойдон турат, эч бир иш аткарылбай эле.

— “Жээнбековду талапкер катары тандап чоң катачылык кетирдим. Бул үчүн элден кечирим сурайм. Кетирген катамды кайра оңдойм” деди. Жээнбековду бийликтен кетирип, кайра өзүнүн ишенген адамын алып келүү кетирген катачылыгын оңдоо болуп саналабы?

— Бая күнү өзүнүн Форум ишканасынын алдына 2002-жылдын 17-марттагы Аксы окуясын, ал жердеги элдин трагедиясын жамынып алып ыйламсырап, актанып жатпадыбы… Мына ошол жерде айтты “Жээнбековду алып келип жаңылыптырмын, бул катачылыгымды оңдойм” деген таризде. Атамбаевдин бул сөзүн албетте коркутуу, сез көрсөтүү катарында дагы, элди тополоңго чакырган провокация катары да кабыл алса болот. А бирок чындыгын айтканда Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн жападан жалгыз жакшы жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланышы, ошонун натыйжасында коомдогу маанайдын өзгөрүшү, элдин акыйкаттыкка, адилеттикке болгон үмүтүнүн кайра жанышы болду да. Ошондуктан ал сөздөр Атамбаев азыр деле элди, мамлекетти ойлобостон өзүнүн жеке таарынычы, жеке амбициясы менен алек экендигин, өз кызыкчылыгы үчүн өлкөнү кайрадан эле отко сала берүүгө даяр экендигин далилдеп турат.

— Сизди “Атамбаевди жамандап жүрүп азыркы бийликтен “устукан” алды, баласын кызматка орноштурду” деп айтып жатышат. Балаңызга кызмат алып берүү үчүн гана Атамбаевди сындап келдиңизби?

– Жакында эле Атамбаев ыйламсырап жатпады беле – балдарыма да бул бийлик тийише баштады, ал турсун Бакиев дагы тийишкен эмес деп. Эми азыр өзү дагы тийише баштаптыр…Иши чатагына айланып, айласын таппай бара жатканыбы дейм. Ушу менин уулума жабышканы сууга чөгүп бара жаткан киши бир тал чырпыкка жабышкандай эле да… Күлкүң келет.

Кечээтен бери атамбаевчил сайттар менен кишилер мени Атамбаевди сындап жатып баласына кызмат алып бериптир деп жазып жатышат. Ошо кичине ишкана болгон Чолпон-Атадагы резиденциянын директорунун орун басарлыгы саясий соода кылчу маселеби? Же СДПКдагылар элдин баарын өздөрүндөй көрүп жатабы? Учурунда кароолчу, уборщицага чейин өздөрүнүн Координациялык кеңештеринде чечип отурушпады беле… Балким Атамбаев өзү мурда кызмат орундарын ошентип соодалашып берип жүргөн, ошондон улам ушундай пас нерсени жаздырып жыргап отурат.

Ал эми Каптагаевдин Атамбаевге карата сындары тиги 2016-жылдан бери эле ачык айтылып келе жатпайбы, бийликтин узурпациясы жөнүндө ошол учурда эле айтылган. Ал кезде Атамбаевдин бийлигинин күчү туу чокуга жетип турбады беле… Ал эми бүгүн болсо “Атамбаев маселесин” эл жалпы көтөрүп жатат, анткени коомдун тазалануусу үчүн коомдо калыстык жана акыйкаттык орношу үчүн анын мааниси абдан зор.

“Атамбаев маселеси” деген эмне?

“Атамбаев маселеси” деген – бул Президент Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы тирешүү, же болбосо Атамбаевдин жеке-кландык бийлигинен жапа чеккен, саясий куугунтуктун курмандыгы болгон адамдардын жеке өч алууга болгон аракеттери эмес, бүгүн кай бирлери мына ушундай деп бурмалоого да аракет кылып жатышат. Бул туура эмес.

“Атамбаев маселеси” деген – бул мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бекемдөө, бийликти Конституциялык нукка кайра алып келүү, мыйзамдуулукту орнотуу, бийлик бутактарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпай иштешин камсыз кылуу, элдин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин калыптандыруу, эл менен бийликтин ажырымын жоюу.

“Атамбаев маселеси” деген – бул 2010-жылы кабыл алынып бирок күнү бүгүн толук ишке киргизилбей турган Конституцияны иштетүү, анда каралган бийлик бутактарынын өз ара тең салмактуулугун ордуна коюу.

“Атамбаев маселеси” деген – бул бийлик кумарына мас болгондорду соолуктуруучу, алардын элирип же эсирип кеткенинин эл-журтка болгон кесепетиң азайтуучу, тизгинин тартып кайра ийге салып, калыптан чыгарбай кармап туруучу механизмдерди издөө жана аларды түзүү, мамлекеттик башкарууда “жиндичиликке” жол бербөө.

“Атамбаев маселеси” деген – бул “эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы эл” деген Конституциялык жобону ишке ашыруу, бийлик бутактарына элдик көзөмөлдү калыптандыруу.

Ошондуктан “Атамбаев маселесин” аягына чыгаруу ар бирибиздин жарандык милдетибиз.

Ал эми менин уулумдун маселесине кайрыла турган болсок – ал азыр 39 жашта, өзүнүн карым-катышы, жоро-жолдоштору бар, өз көйгөйүн өзү чечет, турмушта өз жолу бар. Эми эркек уул деген кандай, эркек уулдар кандай өсөт, кандай чоңойот, өз маселелерин кантип чечет дегенди кимге Жараткан ошондой эркек уулду ыроо кылса ошол эле билет, уулун нукура эркек кылып тарбиялай алган киши билет, ал эми кимге Кудай андайды ыроо көрбөсө ал аны билбейт, түшүнбөйт… Ар бир кыргыз эркек уул төрөлгөндө ушул балам элдин керегине жараган, эл үчүн кызмат кылган жигит болуп өссө экен деп тилек кылат, Кудайга шүгүр уулум жакшы өстү, жакшы тарбия алды…

Ошол азыр менин уулумду өзүнчө бир тема кылып, ал министр же өкмөт башчысы болуп дайындалгандай чуу көтөрүп жаткандардан сурайт элем – эмне үчүн ошол эле Каптагаевдин уулу 2011-жылдын январь айында кайнап, өрттөнүп жаткан Каир (Египет) шаарында жалгыз чуркап, ал жердеги биздин жарандарды чогултуп жүргөндө кыйкырып чыгышкан жок? Ошол күндөрү Тышкы иштер министрлигинен эч ким барбай менин уулум жалгыз кетпеди беле кан кайнап согуш болуп жаткан жерге. Ошондо сурашпайт беле – эмне үчүн Президенттик Аппараттын жетекчиси жалгыз уулун өлүмгө жөнөтүп жатат деп. Ал Каирге деңиз жээгинде күнгө кактанып эс алууга же пирамиданы көрүп таң калууга бара жаткан эмес эле да. Ошол коогалаңда Каирге жалгыз учуп барып, ал жердеги биздин жарандарды чогултуп бир суткада кайра артка алып чыккан дагы Каптагаевдин баласы болчу.

Элибизде “битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба” деген сөз бар, ошол сымал Атамбаевге өчөшүп азыр анын уулдарына жабышмак белем, буга чейин деле, азыр деле энергетикадан акчаны кочуштап эмес, мүшөктөп алып жатышпайбы алар. Мейли жашай берсин, атасынын абийири ошого жол берсе байып чардай беришсин… Кудай бар, бир жерден болбосо арам ишти бир жерден сурап алат. Саясат үчүн балдарга асылган, ошол бала аркылуу тийишкен – бул өтө эле пастык, адамгерчиликтин жоктугу.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу