Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун ишине карата шаардык сотко арызданды

Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго байланышкан ишти кароо башталды.
Белгилүү болгондой, экинчи инстанциядагы сотко айыпталуучунун адвокатынан
сырткары жабырлануучу Эмилбек Каптагаев дагы арызданган.
Ал, Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Кайыповдун Садыр Жапаровго карата
чыгарган чечими негизсиз деп эсептейт. Анын ою боюнча Жапаров бошотулушу керек.
Эске салсак, Садыр Жапаров Биринчи май райондук соту тарабынан 11,5 жылга эркинен
ажыратылган.

Булак: kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу