Эмилбек Каптагаев: «Мискенбаев менен Атамбаевдин талабы – «бет тырмарлык», Асылбек Жээнбековду эл шайлаган»

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-марттагы КСДПнын жашыруун жыйынында Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп Мээрбек Мискенбаевдин сөзүн кайталады. Атамбаевдин бул сөзү коомчулуктун катуу кыжырын келтирип, экс-президентке болгон жек көрүүчүлүктү кайра күчөттү. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев да Атамбаевдин бул талабын кескин айыптап чыккан. Ал мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына калтырган. Биз аны окурмандарга өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:

— Экс-президент Атамбаев айтып жатпайбы: «…мен айткыча Мискенбаев озунуп айтып салыптыр… Асылбек Жээнбеков депутаттыктан кетиши керек…» — деп. Бул талабын маселенин «моралдык жагына» алып келип такап жаткандай… азыр болбосо кийин деле ушак-айың чыгат, ошон үчүн алдын-ала кете бербейби дегендей.

Менин пикирим: Асылбек Жээнбековдун депутаттыгында эч кандай моралдык жагы жок, депутатты президент дайындабайт, партия аркылуу эл шайлайт, эгерде президенттин указы менен дайындалуучу кызмат болсо моралдык жагы болмок… Мискенбаев менен Атамбаевдин мындай талабын кыргызда «бет тырмарлык» деп койот.

Булардын логикасын улантсак бир тууганы бизнеске барса «бир тууганы бизнесте болууга болбойт» деп айтса деле болот да… ал жерде деле ар кандай сөздөрдү чыгарса болот… акыры келип «бир туугандары Кыргызстанда жашоого болбойт» — дегенге чейин жетебизби…?

Секретарь, шопур, жансакчыларды эң жогорку кызматтарга дайындаганда «моралдык жагы» болбосо, бакиевдердин куйруктарын толугу менен жогорку бийлике алып келип, Өкмөт башына чейин жеткиргенде «моралдык жагы» болбосо, ошол эле Атамбаевди коргоп, аны президент кылабыз деп башын канжыгага байлап жүргөндөрдү элге жеккөрүндү болгон «Ак Жол» деген партиянын атынан уруп-согуп, камап жүргөндөрдү кызматка алып келип, бийликте турган СДПК партиясына толтуруп алганда «моралдык жагы» болбосо, кечееги революицияда бирге жүргөн адамдарды шылдыңдатып, мурдагы бийликтин жасоолдоруна басып берип, тебебелип, каматып салганда «моралдык жагы» болбосо, анан бир тууганы катардагы депутат болуп отургандан «моралдык жагы» пайда болуп калмак беле?

Асылбек Жээнбеков ошол моралдык жагы бийик болгондон улам бир тууганына жол бошотуп, агам Өкмөт башы болуп келсе анда мен республикадагы эң башкы бийлик болгон — Жогорку Кеңештин Төрагалыгын тапшырып берем деген кадамга барганын да унутпаш керек, ага баа бериш керек.

Бул маселеде дагы бир жагдайды эстен чыгарбоо зарыл. Бүгүн жок эртең СДПК партиясы башкаруучу коалициядан сүрүлүп калып, парламенттик оппозицияда болуп калуусу толук ыктымал. Мына ошондой шартта бир бир тууганы бийликтин башында, бир бир тууганы оппозициялык партияда болуп калышы да жаман жагдай эмес деп ойлойм.

Анан «ысапсызга кашык сунсаң беш ууртайт» болуп артынан сая түшүп кууп алуу натуура иш, мына ушул аракеттин артында кандай «моралдык жагы» бар экенин айтуу керек, бул ыгы жок талаптын тагында кандай ойлор жатканын ачык айтуу керек. Анткени бул демилге кандайдыр бир көмүскө саясий максаттар үчүн көтөрүлүп жатканы айдан ачык эле болуп турбайбы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу