Эмилбек Каптагаев: “Атамбаевдин убагында үй-бүлөлүк кландык башкаруунун жаңы формасы пайда болгон”

Белгилүү коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өткөн жуманын аягында болуп өткөн курултайда “экс президент Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылы мамлекеттик бийликти толук түрдө узурпациялаган”- деген оюн айтты. Башкача айтканда бир гана адамдын айтканын “кың” этпей аткарып калган. Каптагаевдин айтымында, Анткени Атамбаев, конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынан аша чаап, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдө төргө илем” таризинде каалаганын кылып баштаган. Ушундан улам өлкөдө, үй-бүлөлүк кландык башкаруунун жаңы формасы пайда болгон. Мыйзамда каралбаган жолдор менен баардык бийлик бутактар бир адамга баш ийдирилген.

Мунун кесепетинен Жогорку Кеңеш, Өкмөт, сот бийлиги, укук коргоо органдары, прокуратура өз алдынча иш жүргүзүү жөндөмүн жоготкон. Бул мамлекеттик органдар Атамбаевдин саясий-экономикалык кызыкчылыгын коргоого кызмат кылып калган. Мамлекеттик маанидеги маселелердин чечилиши, а түгүл тышкы саясат да бир адамдын жеке көз карашына көз каранды болуп калган. Мындай өзүм билемдиктин кесепетинен мамлекетте экономикалык коррупция мурда болуп көрбөгөндөй күч алган. Экс президент Атамбаев 2012-жылы саясий элитаны алмаштыруу саясатын калктын калың катмарына жарыя кылган.

Бир караганда мамлекеттик кызматтарга жаштарды алып келип, саясий элитаны жаңыртуу аракеттери көрүлүп жаткандай сезилгени менен, анын ар жагында такыр башка максаттар катылып жатканы ачыкка чыкты. Учурунда Атамбаев тарабынан коомго таңууланган адамдар иш жүзүндө анын жан сакчылары, шоопуру, жана башка “ат кошчулары” болгон. Эмилбек Каптагаев Курултайдын катышуучуларына кайрылып: “ Атамбаев валюнтаристтик бир жактуу кадамдары менен кадр саясатынын таш талканы чыгып, бедели төмөндөтүү менен бирге кландык башкарууну бекемдеген. Мындай аракеттерден улам, мамлекеттик саясат жеке адамдын эркине баш ийдирилип жеке адамдын культун түзүү аракети башталган. Муну Атамбаевдин эки революцияны өзүнө “менчиктеп” алганынан эле билсе болот.

Эң өкүнүчтүүсү, мамлекеттин ички тышкы саясаты, бир кишинин эмоционалдык абалынан көз каранды болуп калган” – деген оюн кошумчалады. Ошондой эле ал, “Кыргыз республикасынын конституциясынын 5 беренесинин 2-пунктуна ылайык узурпация өзгөчө оор кылмыш. Ошол үчүн Атамбаевдин ишинин кесепеттерин иликтөө үчүн ЖК тараптан атайын мамлекеттик комиссия түзүү зарылдыгы чыгып турат. Ага укук коргоочулар, коомдук ишмерлер, такшалган юристтердин катышуусу талап кылынат” – деди.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу