Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин 3 жаңы орун басары дайындалды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Ализа Солтонбекова, Камалдин Токтосартов жана Жаңыл Алыбаева эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

25-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген Улукбек Кочкоров дайындалган.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуш кылган. Анын натыйжасында Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган.

Ошондон кийин министр Таалайкүл Исакунова, анын орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Анын алдында Түштүк Кореяда аэропортто болгон окуя үчүн министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова кызматтан алынган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу