Эмгекчил айылында жарым миллион сомдук арак-шарап талкаланды

Кыргызстандын тоолуу Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Эмгекчил айылында жарым миллион сомдук арак-шарап талкаланды. Жергиликтүү жаштар кыштакта спирт ичимдиктерин саттырбоо максатында ушундай кадамга барышты. Бул тууралуу айылдын жаштар уюмунун төрагасы Жаныбек Сопиев билдирди.

Тургундар акча топтоп, 400 миң сомго дүкөндөрдөгү арак-шарапты сатып алган. Андан тышкары, сатуучулар өздөрү 100 миң сомдук спирт ичимдиктерин да кошушкан. Чогулган ичимдиктерди 11-12-август күндөрү айыл четине алып чыгып талкалашкан.

Тургундар арактын айынан терс көрүнүштөр болуп жатат деген негизде ушундай кадамга барганын белгилешүүдө. Буга чейин Нарын облустук казыяты аймактагы беш кыштакта арак сатылбай калганын билдирген.

Жакында эле Оштун Жапалак айылындагылар дүкөндөрдөгү арактарды жок кылышкан эле.

Калайыктын бир даары бул кадамдарды колдошсо, башкалары адам укуктарын жана ишкерликти чектөөнүн көрүнүшү катары сынга алышууда. Мурдагы СССРде «Кайра куруулар» доорунда ичкиликке каршы атайын мамлекеттик саясат таңууланып, бирок арабөк натыйжага кептеген. (MiK)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу