Эл тынч эле жатат, бирок “эшектер” үркүп жатат…

Президент болуу ниетин билдирип,амбицияларын оздуктай албай, чала –була ойлонуп
БШКга арыз жазгандардын саны 15ке жетти. Жок эле дегенде күн сайын бир талапкер
талпылдап БШКнын эшигин сагаалап жүрөт. Арасында чоң саясатчылар да, саясатка тиши
да, ичи да өтпөгөндөр, пенсионерлер, ишкерлер, ырчылардын күйөөлөрү да бар. Айтор, аз
күндө көчөдө жүрүшкөн “бомждар” деп Президент болобуз деп оолугуп чыкпаса болду.
Бирок айтып койчу нерсе, 2011-жылдагы президенттик шайлоого катышам деп
телпингендердин саны 89га чыккан, ошонун ичинен элдин кускусун келтирип, кулап
олтуруп БШКнын талаптарына жооп бергендердин саны 15тин тегереги болгон.
Талапкерлерди каттоо 1-августка чейин уланат. Демек бир айдын ичинде дагы бери жагы
40-50дөй ажо болуу амбициясы менен ооругандар БШКга арыз ташташы толук мүмкүн.
Анан мурунку шайлоодой болуп, БШКнын талаптарын аткара алган 10-15 адамдай эле чыныгы талапкер статусуна э болушу мүмкүн. Бир сөз менен айтканда элибиз шайлоо деп
азырынча укмуш деле шаңданып кете элек.

Булак: chagylgan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу