Эл душмандарынын укугун коргогон укук коргоочуларды ким тыят?

Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова деген укук коргоочулар бар. Абдирасулова менен Исмаилова карапайым укугу тебеленген адамдардын укугун коргоп, биздин жарандарыбызга жардам бергенин такыр укпаптырбыз. Бул айымдар батыштын акчасын алып, калп эле адам укугу деген шылтоо менен биздин маданиятыбызга туура келбеген, мисалы: көгүштөрдүн ж.б ушул сыяктуу терс көрнүштөрдү жайылтып, алардын укугун коргогон болуп, улуу кыргыздын каада салттарын унуттуруу менен убарабы? Булар биздин маданиятыбызды, каада-салттарыбызды унуттуруп, улут катары жоготууну көздөшөбү?  Ал эми бул айымдар кыргыз элинен да, батыштын долларларын ыйык көрөөрү эл оозунда байма-бай айтылып жүрөт. Ал эле эмес, эл душманы, кылмышкер Азимжан Аскаровдун укугун коргоп, БУУ менен биргеликте бошотуунун камын көрүп жатканы эмнеси? Ал аз келгенсип дагы бир эл душманы Кадыржан Батыров менен биргеликте Европада кайсы бир жыйынга катышып, анын сүйлөгөн сөзүнө макул болуп баш ийкеп олтурушту. Ал эми учурда айласы кеткен бул айымдардын бири митингдерге катышкан болуп жүрөт. Бул айымдардын ошол саясий топко зыяны гана тийбесе, пайдасы тийбээри анык. Карапайым адамдар булардан эбак эле тажап бүтүшкөнүн айтып келишет. Бул айымдардын кесепети менен, буларды митингдерине катыштырып жаткан саясий топтордун аты булганып калбаса эле болду…

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу