Эл алдында бети күйгөн Атамбаевдин кошоматчысы.

Убагында Атамбаевге жагымпоздук кылгандан бери Бакыт Төрөбаев шымын булгап алгандай болуп, саясый элитанын ичинде итиркейге айланып кеткенин кантип жашырабыз? « Тилиңе тишиң күбө» дейт. Былтыр президенттик шайлоодон кийин « Ала –Арча» резиденциясында чоң жыйын болуп, Төрөбаев минтип бакылдаган: « Урматтуу Алмазбек Шарипович, сиз Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз , терең ыраазычылык билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз … бышырдыңыз» деп. Учурда болсо Атамбаевдин 6 жылдык ишмердигинин тарпы чыгып, айланасындагы аткошчуларынын уурулугу ачыкталып, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев,  Айбек Калиев,  Салайдин Авазов ж.б «чуу куйруктары» камалууда. Качкандары качууда. Аныгында, саясатты туура талдаган, калыс адамдар айтсынчы эми? Бакыт Эргешовичтин жогорудагы сөздөрүнө кандай баа берсек болот.? Элдин ишенимине ээ боло турган саясатчы жасаган иши , айткан сөзү  аркылуу көпчүлүктүн назарына айланып, мезгилдин баасын татыктуу түрдө  алат эмеспи. Ошондо «Өнүгүү-Прогресстин» лидери ким болуп калды.? Тек гана Атамбаевдин кошоматчысы! Болду. Эгерде эртең элге акыл үйрөтөйүн десе, карап тургандар түкүрүнүп басып кетишет да, ыя?

БУЛАК: АЗИЯnews

Акын Бекчороев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу