Эльмира Ибраимова Темир Сариевден качтыбы?

Интернет баракчалар аркылуу Темир Сариевдин штаб жетекчиси, кадимки Султан Ибраимовдун кызы  Эльмира айым бул ордунан кетип калды деген кабар тарады. Бул окуя эмнени билдирет? Съезди катуу өткөрүп өлкөдөгү бир топ белгилүү адамдар колдойт деп, ал турсун Россия жетекчилиги да Сариевге ык коюуп атат деген маалыматтар аркылуу далай пиар жасалган. Суроо туулат.  Чын эле Темир Сариев негизги талапкердин бириби? Өтө ашынган аналитик эмес, саясатты анча-мынча түшүнгөндөр деле учурдагы президенттик шайлоодо Сариев негизги талапкер эмес экенин боолгоп турушат. Айрымдары Темир мырзанын саясий карьерасындагы жеткен чокусу Өкмөт башчылык кызмат болду дешүүдө. Саясатта каныккан адам эмеспи, Темике өзү деле президенттик тактыга отуруп калбашын сезип турса керек. Бирок, өлкөдөгү экинчи-үчүнчү даражадагы кызмат ордунан үмүтү чоң өңдөнүп жатпайбы. Айтор Эльмира Ибраимованын штаб жетекчилигинен кетип калышынын артында эмне жатат деген суроо жаралбай койбойт. Балким түпкүлүгүн ойлогон Темир мырза соцтармактагылар жабыла жазып тургандай күчтүү эки талапкердин биринин этегин кармап кетеби?

БУЛАК: ARGUMENT.KG 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу