Эльдана атасынын сыймыгы

Инстаграмм тармагында өтө популярдуу болуп эсептелинип, Кыргызстан боюнча эң көп катталуучусу бар Эльдана Сатыбалдиева атасынын сыймыгы. Генерал Эльмурза Сатыбалдиев кызын эркин кармайт, эч нерсесине тыюу да салбайт. Эльдана көп кырдуу талант, шайыр кыз. Ар кандай күлкүлүү, кызыктуу блогдору менен элди өзүнө тартып турат. Кызы бул жагынан атасын тарткан, себеби Эльмурза мырза чыгармачылыкка жакын, гитара чертип, анча-мынча ырчыларды жолдо калтырып ырдап коет. Анан алма сабагынан алыс түшмөк беле, кызы атасын тартат да.

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу