Эльвира Сурабалдиева: Ал мага бөлмөсүндө бир айдын ичинде өзүңө келтирем, деп кыйкырды

Курманбек Дыйканбаевдин түшүндүрмөсү депутатты ынандырган жок. Ал Жанар Акаевдин жана Айсулуу Мамашеванын көзүнчө коркуткандыгын айтат

Өлкө жетекчилиги алардын кызыкчылыгын Жогорку Кеңеште коргой турган адамдардын өзүн алып жүрүүсүнөн этият болушу керек. Бул тууралуу Vesti.kg Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.

— Эки күбөнүн көзүнчө эл өкүлүн коркутуу ыкмасы жакшы эмес, — деп нааразы болот ал. — Чамасы, Курманбек Дыйканбаевдин бирден бир эле жообу коркуткан эмесмин деген сөз окшойт. Коркутуу болду! Мен бул сөздөрүмдөн кайтпайм. Бул маселени көтөрүп чыгам. Ал мага өз бөлмөсүндө, «бир айдан кийин көрөсүң» деди. Бул ачык эле коркутуу болчу.  Ал жерде эки депутат күбө болуп отурган, Жанар Акаев менен Айсулуу Мамашевалар баарын угушту. Алардан сурап тактасаңар болот.

Эске салсак, кечээ депутатЭльвира Сурабалдиева өзүнүн Твиттердеги баракчасына мындай деп жазган:

«1. Коррупция. 2. Мамлекеттик органдардын таза эместиги. 3. Бизнестин жолун тосуу. Менин коррупция менен болгон күрөшүүмдүн акыбети — кечээ бийик даражалуу адамдын коркутуусу менен кайтты, ал мага «сени көйгөйлөр күтүп турат, бир айдан кийин билесиң», деп айтты».

Эске салсак, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде депутат Эльвира Сурабалдиева менен анын ортосунда түшүнбөстүк жаралып калыптыр. Ал эл өкүлүн коркутпагандыгын баса белгиледи.

Булак: Vesti.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу