Эльвира Жаркеева жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Джаркеева Эльвира Сагыналиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу