Элчи Темир жол тарифин арзандатууну сунуштады

Россиянын мамлекеттик темир жол жетекчилиги менен болгон жолугушууда КРнын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Бишкек-Москва темир жол каттамынын баасы тууралуу маселе көтөрдү. Анткени темир жолдогу билеттин баасы самолёттукунан дагы ашып кеткен. Маселен самолёт менен жүргүнчү 9000 рублга уча алса темир жол үчүн 12000 рубль төлөш керек.

Россиялык тарап бул маселени түшүнүү менен кабыл алды. Тиешелүү адистер бул проблеманы терең изилдеп анан сунушун киргизет. Жакынкы арада тарифтер азайып өзгөчө кыргыз жүргүнчүлөрүнө ыңгайлуу баада Москвага барып келүү мүмкүнчүлүгү пайда болот деген ишеним зор.

БУЛАК: ARGUMENT.KG  

Аргумент.kg
Жооп калтыруу