Элнура: «Апам бузулуп кетти…» Эмне кылсам?

Саламатсызбы. Мен адистен кеңеш уккум келет. Атамдын каза болгонуна бир жыл болду. Апам бузулган аялдарга кошулуп алды. Жаман жолдо жүргөнүн достору менен жазышкан каттарынан билдим. Бул жолдон кантип алыстатсам болот? Өзү машина айдайт. Билгизбегенге аракет кылат, бирок, туугандар билип калды. Иним менен сиңдим бар, мен  турмушка чыккам. Туугандарды укпай калды.  Акыркы үмүт менде, сөзүмдү угаар деп үмүттөнөм. Кантип жеткирип айтсам? Апам 37 жашта, аны деле түшүнөм, бирок, чектен ашып кетти.

Элнура

Бермет Уланова, гештальт-консультант:

Апаңыз үчүн кабатыр болуп жатканыңызды түшүнүп турам. Бирок, апаңыз жеке жашоого, каалаганындай дос күтүүгө укугу бар чоң адам экенин эстен чыгарбашыңыз керек.

Апаңызды колдогуңуз келсе, аны табалабаңыз, талашып-тартышбаңыз. Бир нерсе үчүн ал менен макул болбошуңуз же аракеттерин жактырбашыңыз мүмкүн, буга укугуңуз бар. Бирок, баарын чыр-чатак менен чечүүнүн зарылчылыгы жок.

Ошондой эле, анын аракеттери тууралуу конкреттүү айтпапсыз. Жазгандарыңыздын баары кимдир бирөөнүн сөздөрүнө негизделген.

Жашоосунда эмне болуп жатканын, сезимдерин билүү үчүн, жакындан сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Жүрүм-турумунда бир нерсе жакпаса же ал жөнүндө айтылып жаткан кептерди уккуңуз келбесе, айыптабай, кыйкырып-урушпай, апаңызга айтыңыз. Айланасында болуп жаткан окуялар сизге кандай таасир берип жатканын билдириңиз. Баары жакшы болот деген үмүттөмүн.

Булак: «bilesinbi.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу