Элмира КАЙЫП кызынын жалгыз кызы Беназир: “Сырдашар эң жакын адамым апам эле, эми ал да жок…”

Кыргыз элинин булбул үндүү ырчы кызы, Элмирбек Иманалиевдин сөзүнө жазылган “Булбулум” аттуу ырын аткаруу менен калың журтка таанылган Элмира Кайып кызы 31-август күнү күтүүсүздөн арабыздан өтүп кетти. Бул суук кабарга бир гана ырчынын жакындары эмес, жалпы кыргыз элинин кабыргасы кыйышып, 42 жаштагы жаркылдаган ырчыны алигиче өлүмгө кыя албай турабыз. Ырчынын артында бир канча ыры калды, андыктан өзү өлгөнү менен аты, ырлары өчпөй жашай берери шексиз. А жалгыз кызы Беназир апасын жоктоп сыздагыдай болсо жанында киши чыдап тура албайт.

– Беназир, Элмира эженин жалгыз кызысың, бул жоготуу баарынан мурда сен үчүн өтө оор болуп атыптыр…

– Өзүмдүн учурдагы абалымды эч бир адамга каалабас элем. Апамды жоготуп жүрөгүм сыздап турат. Апам дайыма жаркылдап жүрчү, үйдү дайыма шаңга бөлөп пародияларын айтып боорубузду эзчү. Ушундай маанай менен жүргөн апамдын бир күнү эле жалп этип өчкөнү бизди нес кылды. Күлүп, жаркылдаган боюнча көз алдыңарда калайын деп 42 жашында кете бердиби?..

– Эже каза болгон учурда сен каякта элең?

– Биз чогуу эле жашачубуз. Эң акыркы жолу 30-август кечинде чогуу тамак ичтик, телевизор көрүп олтурдук. Эртеси майрам күнү мен иштешим керек эле, андыктан таң атпай туруп жумушка кеткем. Жумушта олтурсам апамдын сиңдиси телефон чалып: “Батыраак келе кал”, — деди. Шашып үйгө келсем апамдын денеси муздап бара жатыптыр. Мен эмне болгонун толук аңдай электе артымдан “Тез жардам” келип алып кетти. Ошондо атам апамдын бизди таштап кеткенин айтты. Көрсө, апамдын жүрөгү токтоп калган экен. Апам менен коштошо албай, акыркы сөздөрүн уга албай калганым мен үчүн чоң өкүнүч болду. Ошого аябай ичим күйүп жатат.

– Ошол күнү эженин жанында ким бар эле?

– Апамдын бир тууган сиңдиси бар болчу. Апам менен таежем ооруп жаткан таенемди карап жатышкан.

– Алгач интернет булактарына боорунан операция болуп, операциядан чыкпай калыптыр деген маалымат тарабадыбы? Боор оорусу бар беле?

– “Эл оозунда элек жок” деген туура экен. Бир заматта ошондой маалымат тарап кетиптир. Апамдын былтыр гинекологиялык жактан операция болгону чын, бирок операция жеңил жана ийгиликтүү болгон. А жүрөк оору кандайча жармашты, эч кимибиз түшүнбөй калдык. Өзүнүн кээде “жүрөгүм сайгылашып кетти” дегени болбосо, дегеле жүрөгү ооруп кыйналып же ооруканага барган учуру болгон эмес.

– Ошол күнү бир нерсеге капа болуп же тынчсызданган эмес беле?

– Жогоруда айтканымдай, апам дегеле кабак-кашын бүркөп жүрчү эмес. Эч жери оорубай сопсоо эле жүргөн. Күндөгү калыбынан таптакыр жазбай эле жүргөн. Же мен жаштык кылып байкаган жокмунбу, билбейм. Мен апамдын жалгыз кызы болгонго экөөбүздүн жаныбыз бирге болуп калган эле. Сырдашар эң жакыным апам эле. Эми ал да жок…

– Сага кандай эне эле?

-Атам менен апам эки башка жолго түшүп, мен башында чоң апамдын колунда болдум. Мектепте эс алуу убагы болгон сайын шаарга апама келип турчумун. Туулган күнүм, жакшылыктар болгондо, апам белек-бечкегин көтөрүп мага барып турчу. 7-классымда шаарга апамын колуна келдим. Мени жакшы мектепке окутту, кийимдин түрүн кийгизип, бапестеп бакты. Мектепти аяктаганымдан кийин кесип тандоодо да апамдын салымы чоң болду. Таятам учурунда апамды: “Экономист болосуң”, — дечү экен. Бирок апам чыгармачылыкка кетип таятамдын максатын орундата албай калыптыр. Ошондуктан апам: “Атамдын максатын мен орундата албай калгам, сен аткарасың”, — деди, макул болдум. Атам (эженин азыркы жолдошу) эң жакшы окуу жай деп Финансы-экономикалык техникумун тандап берди. Аталган окуу жайды бүтүп, Президенттин алдындагы башкаруу академиясына окутушту. Апама абдан ыраазымын, мени билимдүү кылуу үчүн болгон аракетин кылды.

– Канча жашка чыгып калдың, сенде да апаңдыкындай талант барбы?

– Быйыл 24 жашка чыгам. Ооба, мен да ырдайм. Уккандар: “Апаң экөөңөрдүн үнүңөр окшош”, — деп калышат. Бирок апам мени чыгармачылыкка аралаштыргысы келген жокпу, экономист болушумду каалады. Учурда жеке фирмалардын биринде иштейм.

– Өзүңдүн атаң менен катышасыңбы?

– Албетте, атам менен катышам. Анын да өзүнүн үй-бүлөсү бар, алар менен да катышып турам. Мен апамдын ак көңүл жана кең пейилдик сапаттарын алган окшойм, баарына тегиз мамиле жасайм.

– Элмира эженин азыркы жолдошу сени өз кызындай көрөрүн байкадым.

– Атам абдан жакшы киши, ар дайым колдоп турат. Азыркы учурда да жакшы сөздөрүн айтып жөлөк болуп жатат.

– Апаңдын арты кайырлуу болсун! Терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Күмөндөр Абылов: “Тез жардам” келгенче эмнелерди гана ойлондуң экен?”

-Кайран гана булбул үндүү шайыр кыз!.. Өмүрүңдүн кыскалыгын карачы? “Тез жардам” келгенче эмнелерди гана ойлондуң экен?

Элмира ак жүрүп, адал жашап, Кудай берген талантын эл-журтуна арнап, уккан жандардын жан дүйнөсүн жыргатып, ыраазычылыгын алып, жылдызы жанып турган маалында кетти. Элине эмгеги өтүп, алкышына ээ болуп, «Элдин кызы» деген атка конуп кетти. Бирок анысын өзү сезди бекен? Элмиранын да, Элмиранын күйөрмандарынын да, жакындарынын да арманы, өкүнгөнү мына ушунда. Эгемендүүлүктүн күнүндө эки-үчөөнү эсепке албаганда, наамды эмгеги сиңгендер албай, эми-эми баштагандардын алганына элдин кыжыры кайнабай койгон жок. Кандай болгон күндө да Элмирабыздын ичинде мына ушундай армандар кеткени мамлекет үчүн да өкүнүчтүү болушу керек. Кош бологой, Элмирабай! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Салима Балтаева: “Элмира көз алдыбызда жадыраган бойдон калды”

– Элмира экөөбүз 1992-жылы таанышканбыз. Ал филармониянын алдындагы студияда, мен операда окучумун. Студиялар аралык чоң концерт коюп калдык. Ошондо беш студиянын студенттеринин арасынан тың деп Элмираны тандап алып баруучу кылышкан. Азыркыга чейин айтып күлүп калчубуз, өзүнүн ырына келгенде: “Аткаруучу — мен”, — деп айтып анан ырдап калганы эсибизден кетпейт. Ал абдан тамашакөй адам эле, жүргөн жерин шаңга бөлөп, эч арманы жоктой жүрчү. Биз көп жылдан бери жакын болуп, үй-бүлөлүк катышта жүрөбүз. Ал Ысык-Көлдө өткөн сынактан гран-при алып келген, ошону майлайбыз деп жүргөнбүз. Анан эле суук кабар угуп, ишене албай туруп калдык. Элмира жүрөгүм ооруду деп такыр айтчу эмес. Жүрөгү токтоп каза болгонун укканда таң калып калдык. Элмира көз алдыбызда жадыраган бойдон калды.

Нуриса Абазова: “Баарыбызды кайгыга салып кеттиң, Элмира!”

– Жан курбум, сени бүгүн акыркы сапарга узатып жатып ушунчалык ичим туз куйгандай ачышты. Сенин жаш баладай болуп сулуу болгонуңду, куудулданганыңды (Р. Отунбаеваны сенчелик туурагандарды көргөн жокмун), маралдай керилип басканыңды, комузуңду колуңа алып шаңшып ырдаганыңды экинчи укпасымды элестете албай турам… Баарыбызды кайгыга салып кеттиң, Элмира! Сен көрбөгөн жакшылыкты кызың Бони көрсүн. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Жайың жаннатта болсун. Биз сени унутпайбыз, жан курбум.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу