Элмира Ибраимова: “Мен акча үчүн иштеген эмесмин, иштебейм да”

Кыргызстандын карызы көйгөйлүү маселелердин катарын толуктап турганы баарыбызга маалым. Карыз алып, бирок пайдалуу багытта жумшалбай сол чөнтөктөргө кетип жатканы өлкөнүн абалын бир топ оорлотуп жаткандай. Деги эле карыз алуу керекпи? Андан кантип кутулса болору жана карызга баткан өлкөнү эмне күтүп жатканы тууралуу Эсеп палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова айтып берди.

-Эльмира Султановна, Эсеп палатасынын кетүүңүзгө эмне себеп болду жана азыр эмне менен алексиз?

-Менин аудиторлук, мамлекеттик жана башкаруучулук чөйрөдө иштөө тажрыйбам Эсеп палатасынын ишинде ийгиликтүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок көйгөйлөрдү чечүү үчүн системалуу иш жана өлкө жетекчилигинин саясий эрки керек эле. Бул жерде беделдүү мамлекеттик органдын күчү аздык кылат. Мен акча үчүн иштеген эмесмин, иштебейм да. Дайыма чындыкты айтып, өлкөм үчүн жана жарандарыбыз үчүн тура деп эсептеген нерселерди жасайм. Ошондуктан аудиторлор тайпасы менен биз Эсеп палатасынан кетип калдык. Азыр биз мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жолдорун издөө үстүндөбүз. Мен бир да партиянын курамына киргеним жок, бирок жөндүү жана салмактуу демилгелерди колдоп турам. Күчүбүздү бириктирип, катаал кырдаалдан чыга алабыз. Негизгиси, иш баштоодон жалтанбай, жыйынтык үчүн жоопкерчиликти моюнга алуудан коркпоо керек.

Мамлекет Өлкө башчысы карыз алуудан коркпоо керек деп жатат, ошол эле учурда Эл аралык валюта фонду Кыргызстан үчүн кооптуу абал жаралганын жар салды карыз алуу канчалык кооптуу?

Эгемендүүлүк жылдары биз 7,5 млрд долларлык насыя жана гранттарын алыптырбыз. Бул 3,5 жылдык бюджеттен ашып түшкөн каражат! Бул эбегейсиз зор сумма. Ал акчаны экономиканын өнүгүүсүнө жумшагандын ордуна, аны жеп жоготтук. Ошондо да ал акчаны кантип «жеш» керектигин бизге насыя берүүчүлөр үйрөтүүдө, анын ордуна биз өзүбүз ал акчаны кандай маанилүү тармактарга жумшоо керектигин чечишибиз керек эле.

Азыр тышкы мамлекеттик карызыбыз ички дүң азыктын 70 пайызына жакындап келе жатат. Казакстанда ал 21 пайызды, Өзбекстанда – 18, Тажикстанда – 30 пайызды түзөт. Бул демек, Кыргызстан жакын арада карызды тейлөө көйгөйлөрүнө чалдыгышы мүмкүн дегендик. Дефолт калкка запкы тийгизет, жалпы эле мамлекеттин да, жеке ишкерлердин да насыя рейтинги кескин төмөндөп кетет. Айтор, өкмөттүн кетирген каталары карапайым элге залалын тийгизип, калк ошол замат жакырланат, себеби баары кымбаттайт: азык-түлүк, тейлөө, биринчи кезекте муктаж болгон азыктар жана башкалар.

– Айрым серепчилер Кытайдан карыз алуу коркунучтуу экенин билдиришүүдө. Сиздин пикириңиз…

-Кытайдан алган карыз азыр тышкы карыздын 40 пайызын түзөт. Бирок маселе Кытайда эмес, биз ал акчаны тура пайдалана албаганыбызда. Тыштан карыз алуу саясатыбыз жок. Мамлекетте системалуу иш алып баруу деген жок. Кытайга назарыбыздын кадалгандыгы, ал Кыргызстанга жардам бергиси келип, донорлор арасында эң көп каражат бөлүп берүүдө. Бирок көңүлдү башкага буруу керек. Биз башаламан карыз алуудабыз, аларды максаттуу жумшоого анализ жүргүзбөйбүз. А бул болсо келечекте мен айткан кайгылуу натыйжага алып келиши мүмкүн.

– ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан эмне пайда тапты жана эмне жоготту?

-Кыргызстан кыйла мүмкүнчүлүктөн пайдаланбай калды. Чынында, өлкө ЕАЭБге кирүүдө уюштуруу иш-чаралары начар даярдалгандыктан, бизбиринчи кадамыбызды жасай албай калдык. ЕАЭБ рыногуна экспорттоону түзүк уюштура албай, биз биринчи кезекте керектүү болгон иш-чараларды ишке ашыра албай, уят болдук. Өзгөчө айыл-чарба азыктары жаатында. Биз Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктардын лабораториялык экспертизасы менен сертификаттоо системасын даярдай албай, башыбыз маң. Натыйжада ата мекендик эт, сүт, жер-жемиш Казакстан менен болгон чек арадан өтө албай жатат.

Тигүү өнөр-жайы менен зергерчиликте да ошондой. Биз Орусия рыногунун маанилүү бөлүгүн элей албай койдук. Ошого карабастан жакшы жактарын да айтакетүү керек. ЕАЭБге киргенден бери эмгек мигранттарыбыз үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү: кызматка орношуу процедурасы жеңилдеди, Орусияда жүрүү мөөнөтү узарды.

ЕАЭБге кирүү интеграциясынын баардык мүмкүнчүлүктөрү ачыла элек. Ошентсе да, ийгиликсиз иштердин бары ЕАЭБге киргенден бери башталды деш акылсыздык. Мүчүлүштүктөрдү анализдеп, Биримдикте мамлекетибиздин кызыкчылыктарын жигердүү алдыга жылдыруу керек.

– Кыргызстан карыздарынан кандай жолдор менен кутула алат?

-Алгач бийлик насыя берүүчүлөргө карата өз саясатын кайтадан карап чыгуусу керек. Өкмөт тартып келген инвестициялардын баардыгы эффективдүү пайдалануусу зарыл. Экинчиден, өкмөт карыз кандай максаттарга алынып жатканына көзөмөлүн күчөтсүн. Жөнөкөй сөз менен айтканда, өлкө бюджетин өзүнчө бир үй-бүлө бюджети менен салыштырса болот. Адамдын жакшы жашоого каражаты жетишпесе, ал карызга акча алып, кийин андан пайда көрүп, карызын кайтарып берип, жакшы жашай берет. Же ал карызын той-аштарга, кымбат тиричилик техникасына жумшап салат. Акча короду, а карызды кайтарыш керек, а акча жок бойдон калууда. Бул насыя киреше алып келген жок дегендик.

Биз мамлекеттик экономика жөнүндө сөз кылганда, масштабдуу нерселер тууралуу айтабыз. Ошондуктан кандайдыр бир долбоорго инвестиция тартып жатып, канча иш орундары түзүлөт, ал долбоор ишке ашкандан кийин эмне болот, ал долбоорду ишке ашыруудан кандай пайда түшөөрүн өкмөт ойлонушу керек. Ошондо гана биз өлкөнү тобокелге салбастан карызыбыздан кутулабыз.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

-Сизге да рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу