«Элес» тобунун ырчысы Айдин Жумалиев дарылануу үчүн чоң суммадагы акчага муктаж экенин айтып, кыргыз элине кайрылуу жасады

Легендарлуу «Элес» тобунун мурдагы солисти Айдин Жумалиев боордун рагы илдетине чалдыгып, дарыланууга көп чыгым кете тургандыктан коомчулуктан жардам сурап кайрылды.

Маалым болгондой, учурда ырчы дарылануу максатында Түркияга барган, бирок толугу менен айыгып кетүүгө 25 миң доллар каражат керектелгендиктен, бул сумманы табуу ал үчүн оңой эместигин жазып, кыргыз элинен жардам сураган.

«Түркиядагы ооруканалардын биринде терезени карап ойго чөмүлүп, эртеңки жашоом үчүн убайым тартуудамын. Анткени менин жашагым келет. Уулдарым Нурсултан менен Бексултандын үйлөнүү тойлоруна катышып, 27 жылдан бери мага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жубайым Венера менен чогуу болгум келет. «Элес» тобу менен күйөрмандарды дагы да болсо кубантсак дейм», —деген ал. Ошондой эле элден ага жардам катары уюштурулуп жаткан 2-октябрда боло турган концертке келип, колдоп берүүнү өтүнгөн.

Белгилей кетсек, «Элес» тобу 1985-2002-жылдары эл ичинде популярдуу топтордун катарын толуктап, кийин тарап кетсе, ушул жылдын июль айында кайрадан биригишкен.

Булак; super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу