«Элес» тобунун мурдагы солисти Айдин Жумалиев каза болду

Легендарлуу «Элес» тобунун мурдагы солисти Айдин Жумалиев узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу белгилүү продюсер Ассоль Молдакматова коомчулукка жарыялады.

Маалым болгондой, ырчы дарылануу үчүн Түркияга барган. Бирок жакшы жыйынтык болбогондуктан 1-ноябрь күнү кайрадан өз өлкөсүнө жиберилип, Улуттук онкология борборуна жаткырылган.

Эске салсак, Айдин Жумалиев буга чейин боор рагы илдетине чалдыгып, дарыланууга көп чыгым кете тургандыктан коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

Белгилей кетсек, «Элес» тобу 1985-2002-жылдары эл ичинде популярдуу топтордун катарын толуктап кийин тарап кетсе, ушул жылдын июль айында кайрадан биригишкен.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу