Электр энергиянын баасы көтөрүлөбү?

Жыл жаңырганы кыргызстандыктарга улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиев “2018-жылы электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн” деген “сүйүнчү кабарды” жар салды. Ал эми күз мезгилинен бери өлкөбүздө күйүүчү майга болгон баа мезгил-мезгили менен көтөрүлгөндүн ичинде келүүдө. Сыртта доллардын куну ыксыз учуп, базардагы күнүмдүк керектелүүчү оокаттардын күн санап көтөрүлүп баратканын кайда катат элек? Өлкөбүздө монополияны жөнгө салуу агенттигинин ишинен азырынча анчейин кабар жок. Кыш күрөөдө кокодон алкымдап турган кымбатчылыктын айынан жазга карай каатчылыктын капшабында калбайбызбы? Бүгүн биз коомчулукту бушайманга салып жаткан дал ушундай көйгөйлөрдү жогорку бийликке коңгуроо катары кагып турган кербезибиз.  

 Бакыт РЫСБАЕВ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси:

— Кыргызстанга табигат бир өзгөчөлүктү берген. Бул – бийик тоолор жана андан шар агып түшкөн суулары. Ошол шар аккан суунун аракетинен пайда болгон электр энергиясын өз элине арзан баада бере албаган өкмөт эмне деген өкмөт?! Энергетика тармагындагы чиеленишкен коррупциялык элементтердин бетин ачкандын ордуна кайра “кымбатташы мүмкүн” деп турганы кыжырды гана келтирет. Абоненттерден канчалаган акча түшөт, бирок, жаңы конуштарга жана айылдарга “подстанция, столбаларды айыл өкмөт, мэриялар койсун” дешет. Мыйзамда “электр энергия – бул товар” деп жазылган. Анда эмнеге алардын товары сатылып жаткан подстанция менен столбаларды (товар саткан дүкөн же повильонго салыштырсак) башкалар куруп бериши керек? Бир сөз менен айтканда, энергетика тармагы терең реформага муктаж.

 Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, экс-депутат:

— Электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүн шайлоого чейин эле өкмөт каңкуулаган, бирок, “шайлоодо жеңилип калабызбы?” деп токтотуп коюшкан. Азыр элдин канын соргондон башка иш жасалбай жатканын жарандар көрүп, билип турушат. Электр энергиясына жана жолго келген грант, насыя мамлекеттик карыздын жарымынан көбүн түзөт. Ага салынган жолдор эки жылга жетпей талкаланып жатат. Ал эми энергетика болсо жыл сайын оңдоого муктаждыгын айтып келишет. Суу өзүбүздүкү, былтыркы суунун көлөмү Токтогул ГЭСине жетиштүү толгон. Мындай шартта “тарифтерди көтөргөнгө эмне себеп болду?” деген суроо келет. Ушунун баардыгы келип бюджетте акча жоктугунан өкмөт ушул кадамга барып жатканы белгилүү. Анткени, 2018-жылы тышкы карыз 180 миллион долларды төлөш керек! Ошол акчаны кайдан табуунун максаты. 2020-жылы мамлекет тышкы карызды 360 миллион доллар төлөшү зарыл! Азыр ошол акчаны кайдан табарын билбей, башы катып турган мезгили. Жеп-ичкендин да эртеси “төлөш керек” деген жагын унутуп коюшкан.

 Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:

— Инфляция, кымбатчылык бүт дүйнөдө болуп жатат. Андан кача албайбыз. Доллардын куну биздин экономикага таптакыр көз каранды болбойт, тескерисинче, биздин экономика долларга көз каранды. Бирок, бул көйгөйдү кантип чечиш керек? Башкача айтканда, кантип элдин кыйынчылыгын жеңилдетебиз? Бул башка маселе. Азыр бизде тарифтер баары үчүн бирдей болуп жатпайбы. Колунда бары-жогу, майып, пенсионер – категориялары үчүн жеңилдиктер каралбай калган. Электр энергиясынын баасын көтөрүү бул калктын калың катмарына чо-оң сокку болот. Тамак-аш, кийим, дарыга кетчү каражат энергобарондорго кетет. Мамлекеттик жоопкерчиликтин жоктугу. Электр жабдыктары абдан эскирген, аны 20 жылдан бери эле айтып жатышат. Бирок, 20 жылдан бери бир четинен кайра оңдоп чыкса болмок да. Оңдоо, жаңыртуу иштерине көңүл бурулбай жатат. Ошондон улам электр энергиясында жоготуулар чоң. Жарык кескин кымбаттап кетип жатат. Жоготуулардын коэффициентин азайтуу үчүн жабдыктар кайра жаңыртылуусу зарыл.

 Качкын БУЛАТОВ, укук коргоочу:

— Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев “2018-жылы электр-энергиясына болгон тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн” деп жар салды. Акаевдин бийлигинен бери келетат, чындыгында энергохолдинг эсеби жок уурулук кылып келаткан ишканага айланган. Акаев, Бакиевдин заманында бул тармакка Ширшов көз боёгон система түзүп кеткен эле. Ошол системаны кийинкилер ийгиликтүү өркүндөтүп келе жатканы жалганбы? Качан ачыкка чыгат? Ал белгисиз. Тендер деген учурда көзөмөлсүз өтүп калды. Баардык жерде өз адамдары отурат. Ошондуктан, энергосистемада тышкы карыздан 2 миллиард долларды уурдап жеп коюшкан. Азыркы Бишкек шаарын түтүн каптап жатканы, жаңы ТЭЦ курулгандан бери аба ырайы бузулуп, шаардын экологиясына аябай жаман таасир берүүдө. Ага эч ким жоопкерчилик алган жок. Кыскасы, уурулук орун алган жерде тарифти көтөрсө дагы энергетика системасы оңолуп кетет дегенден алысмын. Ал саясат элге жакырчылыктан башка эчтеке алып келбейт.

 Канжар БОРПОШОВ

Булак: Азия Ньюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу