«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев камалды

Узак Кыдырбаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди

Бишкек ТЭЦиндеги аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КРдин Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен Бишкек ТЭЦинин, «Электр станцияларынын» жана Улуттук энергохолдингдин дагы башка кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Ушул эле иштин алкагында Узак Кыдырбаев 3-апрель күнү колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган.

Мындан улам Башкы прокуратура Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон.

Иликтөө иштери уланууда.

Булак:sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу