Электроникалык чылымдар абдан зыян…

Илимпоздордун жаңы изилдөөсү электроникалык чылымдар турмуштук мааниге ээ иммундук системанын клеткаларына зыяндуу экенин, бул түрдөгү тамекилер буга чейин айтылып келгенден да кооптуу болорун аныктады.

Бул боюнча Англиядагы Бирмингем университетинин доктору, профессор Девид Тиктин жетекчилигиндеги топ тарабынан изилденди. Жыйынтыгы медициналык “Thorax” журналына жарыяланды.

Электроникалык чылымдарга байланыштуу мындан мурдагы иликтөөлөрдө зыян суюктуктагы химиялык заттарга байланыштырылып келсе, бул ирет түтүндүн ичке киргенине басым жасалды.

Иликтөөдө түтүн сезгенүүгө алып келерин, чаң бүртүкчөлөрү, бактериялар жайгашып, аллергияны пайда кылууга ыңгайлуу дем алуу органдарын алсыздандырары аныкталды. Чылымдын бул түрүн дайыма чеккендер менен өнөкөт өпкө оорулуулар бирдей деңгээлде болорун кошумчалашкан.

Англиянын Коомдун саламаттыгы департаменти бул чылымдар кадимки тамекилерден зыяны аз деп эсепеген. Ага жооп кылган профессор Девид Тик электроникалык сигареттердин зыяны башында аз болгону менен бара-бара кооптуу болорун эскертти.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу