ЭЛДИ ОЙЛОБОГОН, ЖЕКЕ БИЗНЕСИНИН ГҮЛДӨШҮН ГАНА КААЛАГАН ӨМҮРБЕК ТОКТОГУЛОВИЧТИН АМБИЦИЯСЫН «КАГЫП» КОЙЧУ ЖАН БАРБЫ?

Кооз сүйлөп, укмуштуудай убадаларды ойлоп чыгара алган, саясаттагы «балык көз» саясатчы, «Республика — Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду кимдер тааныбайт. Ар кандай шайлоолордун алдында Бабановдун берген убадалары менен эки ай болсо да «өнүккөн, 7 пайыздык ипотекалык кредиттерди берген, светти өз наркында колдонгон» өлкөдө «жашап калабыз». Анан ал шайлоодон жеңишке жетишип, парламентке келгенден кийин эле баягы «эски тепшибизди» теңирейе тиктеп калмайыбыз бар. 7%дык кредитти Бабановдун убадасынан гана укканыбыз болбосо, аны алган кишини «живой» көрө элекпиз. Электр энергиясын да «өз» баасында колдоно элекпиз. Амбициясы аттын башындай болгон бу жигит алдыдагы так талашка аттанууну мерчемдеп атканы маалым. Мында дагы элди кандай куру убадалар менен “тил эмизер” экен?

Токтогул аксакалдын уулунун “алдар көсөөлүгүн” билип туруп деле улам жаңы шайлоодо Бабановдун убадаларын уккубуз келет. Кыязы, жок дегенде угуп жыргап алалы дейт окшойбуз го. Баарынан кызыгы, Бабановдун кооз убадаларына айрым саясатчылар да ишенип алышканында болууда. Маселен, 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Бабанов мурдагы каршылашы Камчыбек Ташиевдин башын 180 градуска тегеретип, «Ата Журт» партиясынын «колун» сурап, ага «Республика» деген «фамилияны» ыйгарып салды. Натыйжада азыр ал — «Республика —  Ата Журт» партиясынын лидери. Шайлоонун алдында Ташиев экөө тоолорго чыгып, кар менен бири-биринин беттерин жышып, укмуштуудай «ынтымактуу түгөй» болуп жүрүштү. Шайлоодон кийин эле Ташиевдин «талагын» колуна карматты. Мунусун Бабановдун шертке бек эмес экендиги деп туралы.

Экинчиден, Бабанов байлыгы башынан ашып турса да, ушул күнгө чейин кайрымдуулук иштерин жасаганын уга элекпиз. Быйыл 16-январда «Манас» аэропортуна жакын Дача СУ айылында авиакырсык болуп, канчалаган мекендештерибиз таңкы таттуу уйкусунан ойгон электе оо дүйнөгө узап кетишти. Балдар жетим калышты. Балдарын жоготкон ата-энелер сыздап калды. Карапайым элибиз колунан келишинче жардам кылышып, оокат-аш, кийим-кечек жана акчалай жардамдарды чогултушту. Бабановдон үн чыгып койгон жок.

Өз єлкөсүнүн келечегине ишенбей, бөлөк мамлекетке инвестиция салган “кембагал”

Өмүрбек Бабановду мына ушундай шөкөттөсөк жарашчудай. Кыргызстан тыштан келе турган жана ички инвестицияларга суусап турса, Бабанов Орусиянын Пенза шаарына наркы 370 миллион долларлык ири цемент заводун курганын билебиз. Ошону Кыргызстанга куруп, жумушчу орундарын түзсө болбойт беле? Анан дагы анын байлагы канчалык экендигин элдин баары билсе деле декларациясында байлыктарынын баарын көрсөтпөйт. Мисалы, «Республика – Ата Журттун» лидери Өмүрбек Бабановдун мамлекеттик декларациясында 2015-жылы ал 10 млн. 902 миң сом киреше тапканы, андан сырткары 324 чарчы метр аянтты ээлеген үйү бар экендигин көрсөткөн. Аны менен бирге анын жакын туугандары 2015-жылы 73 млн. 756 миң сом киреше тапканын, алардын аянты 91,7 чарчы метрди ээлеген батири жана «Тойота Прадо», «Тойота Ланд Крузер» автоунаалары бардыгын көрсөтөт. Мындан башка эч кандай байлыктары, мүлктөрү тууралуу декларацияда сөз жок. Дагы жакшы, мурдагы декларацияларында анын жада калса өзүнө тиешелүү үйү жок болчу, бул жагынан алганда «жылыш» бар.

Бирок кыргызстандыктар Бабановдун башка дагы толтура байлыгы бар экенин жакшы билишет. Ал байлыгы боюнча Кыргызстандын ичинде гана эмес, дүйнөдөгү алдыңкы ондуктун тизмесине кирген. Төрт-беш жыл мурун миллиардерлердин клубуна мүчө болгон, байлардын «граф» деген статусун алган. Башкаларын айтпаганда да Өмүрбек Бабановго жана анын жакындарына эң ири банктардын бири болуп саналган «АКБ Кыргызстан» банкы тиешелүү. Пензадагы цемент заводун айттык. Мындан сырткары, Кыргызстанда самолетторду күйүүчү май менен камсыз кылуучу ири нефти компаниясынын ээси. Булардан тышкары дагы Өмүрбек Бабановго жакын адамдарга катталган 15 компаниясы бар экендигин айрым маалымат булактары жазып чыгышкан.

Башбакандыктан аргымак алып жыдыган, ажо болсочу?

Премьер-министр болуп турган кезинде түрктөрдөн баасы миллионду чапчыган жорго алып коюп, кызматтан ыргыганын билебиз. Ошого карабастан учурда президенттикке ат салышам деген дымак менен жүрөт. Бирок аны өзүнүн жердештери да колдоого албай турганы билинип калды. Жакында эле Таласта Бабанов жана анын досу М.Бажаев тарабынан сатылып алынган «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө каршы митинг болуп өттү. Ошондо митингге катышкандар Бабановдун акчаны гана сүйөөрүн, элди ойлобой турганын ачык айтышты. «Эгерде ал өз элин ойлогондо Пензага эмес, Таласка 370 млн. долларлык цемент заводун курат эле» дешет алар. Ооба, бул ачуу чындык. Бирок Бабанов дагы деле шайлоонун алдында баягы «жагымдуу» убадаларын кат-катынан бериши толук мүмкүн. Алданып калбайлы деген эле кеп да…

Эгер Бабанов такка отурса, өлкөдө кырдаал кандай болот? Көз алдыга тарттырып көрөлү: анда бийлик бутактарынын ортосунда – президент, парламент жана өкмөттүн ынтымагы ыдырап, ит-мышыктай ыркырашмай заман орномок. Себеби Бабанов өзүн гана ойлогон адам. Ал өзүн гана кыйын сезет, андан бөлөгү адам эмес. Ал эми мамлекет башкарчу адам оор басырыктуу, элди ойлогон, айкөл, кыскасы, бардык жакшы сапаттарга ээ болушу кажет. Бабановдо бир гана сапат бар, ал – абадан болсо дагы акча жасап калмай. Болду. Мындай адамдар кокусунан президенттикке шайланса, Кыргызстанды акционердик коомго айландырып, бөлөк өлкөгө дүңүнөн сатып жибериши кеп эмес. Кудай мына ушундай “алдар көсөө” Бабановдордон сактасын деп сєзїбїздї жыйынтыктай туралы. Бул боюнча кийинки сандарыбызда дагы узун сабак кеп кылабыз…

Булак: Де-факто

Кыркаяк Султанкулов

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу