Элди алдаган алдамчы фирмалар

Базар экономикасын бетке кармап, өндүргөн продукцияларын кандай жол менен болсо
да сатууну көздөгөн шылуун кызыл кулактар көбөйдү. Жай аптабын шылтоолоп, «Bear
beer» аттуу фирма өздөрү чыгарган суусундуктардан акция өткөрүп (албетге, көбүрөөк
суу алып, тиешелүү капкактарды топтошкон), жыйынтыгында акцияга активдүү
катышкандардын заманбап смартфон утуштарын ар шылтоону айтып бербей
жатышканы кандай? Чама-чарктары чектелүү болсо, анда неге элдин көзүн будамайлоо
менен «фокус-мокустарды» жасашат? Тиешелүү органдар дал ушундай элди алдаган
фирмалардын артын казып көрбөсө болбой калды. Башкасы бүткөнсүп, элди алдай элек
ушулар эле калганбы?

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу