«ЭЛДИН СӨЗҮНӨН УЛАМ ЖУБАЙЫМДАН АЖЫРАДЫМ»

«АТАМДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОБОЙМ ДЕЧҮМҮН»

Ажырашуу, атасыз өсүү эмне экенин жон терим менен сезип чоңойдум. Атам кызыл эт кезимде таштап кетиптир. Апам башка турмуш курган жок. Канчалык жеңилин жерден, оорун колдон алганым менен, апама бала катары гана ордумду көрсөтө алам. Көрсө, турмушта ар кимдин өз орду бар тура… Атамды мектепти аяктап жатканымда тааныдым. Кичинемден мээримине бөлөнүп, ата жытын жыттап, акылын угуп чоңойбогон соң салкын мамиледе болуп калат экенсиң. Экөөбүздүн ортобуз жылып, ата-бала сезимибиз жанданып кетпеди. Жөн гана бейтааныш адамдардай көргөн жерде саламыбыз түз. Эч кимге айтпасам да өзүмө-өзүм «атамдын жолун жолдобойм, анын катасын кайталабайм» дечүмүн. Мектепти аяктаган соң Бишкекке окууга тапшырдым. Апама салмагымды салбайын деп таежемдин чакан ишканасында иштеп, өз арабамды өзүм тартып окуумду аяктадым. Иштеген жерибизге жакын дүкөн бар эле. Бир күнү кирип барсам жаңы сатуучу кыз келиптир. Көркөмү көзгө толгон сулуу кыз экен. Соодамды кылып чыгып кеттим. Эмнегедир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, кабынан козголгондой болду. Бир көрүп сүйүү дегенге ошондо ынандым. Ал дүкөнгө күндө кирбесем көңүлүм жай албайт. Таанышуунун амалын таппайм. Ашыкча сөз айтууга дареметим жетпей чыгып кете берем. Бир күнү «таанышам» деп өзүмө сөз берип кирип бардым. – Кандайсыз, чоң кыз? Атыңызды сурабайм, сизди «Сулуу кыз» деп айтайын,- десем бетиндеги уячаларын чыгарып жылмайып койду. Мага ушул жылмаюудан өткөн жооптун кереги жок болчу. Сүйлөшүүнүн эбин таппай, ар кайсы сөздүн башын айтып жаттым. Бош болсом да, жумушум болсо да жыйыштырып, дүкөнүнө бара берчү адат таап алдым. Ошентип жылдызыбыз келишип, кыз-жигит болдук.

«САБАЙ БЕРИП КЕЛИНЧЕГИМДИ КОРДОП ЖИБЕРДИМ»

Бир күнү мен ага сүйүүмдү билдирип: – Мен сени бактылуу кылам!- дедим. – Чын элеби? – Чын. – Кантип далилдейсиң?- деди ал. Бетинен акырын гана сүйүп, кулагына «мен сени сүйөм» деп шыбырадым. Адатынча унчукпастан уяң карап күлүп койду. Махабаттын табына эрип кеткендей болдукпу, никесиз байланыша баштадык. Мен ал үчүн биринчи эмес экенимди билсем да аны таштап кете алган жокмун. Мезгил өз тизгинине жетеленип билинбей 3-4 ай өтүп кетиптир. Ал арада сулуум кош бойлуу болуп калганын айтты. Үйдөгүлөргө үйлөнөрүмдү айтсам, баары колдошту. Жаза басып ката кетирсек да, ата салтын кылып баш коштук. «Эл оозунда элек жок» дегендей, биз баш кошкондон кийин аялымдын мурунку жашоосун изилдегендер көбөйдү. «Жалгыз бала эле, апасынын мээнетин актабады. Чеке тердетип чай берер келин алып берсе болмок» деген сыяктуу кыңыр кептерди угуп жан дүйнөм жешилмей болду. Апам болсо үн катпайт, «эл караган бетимди жер караттың» деп башында эле айткан. Жамандыкты издесең чыга берет тура. «Кар жаады, из басылды» болот го деп чыдап жүргөм. Бирок андай болгон жок. Аялымдын мен билгенден дагы башка сырлары ачыла берди. «Бакыттын аялы мурда эки жолу турмуш куруптур, баласы дагы бар турбайбы» деген сөз айылга желдей тарады. Каным кайнап, чыдамым түтпөй калды. Үйдөгүлөрдүн дагы кабагы салыңкы. Айыл жери ошондой эмеспи. Эки адамдын башы бириксе эле биз тууралуу кеп кылышат. Мен сүйгөн сулуу жүдөп, кыйналып кетти. Аныгын айтуусун талап кылсам, бардыгы эл айткандай экен. Көрсө, мен туманда адашып тапкан сулуум эки ирет турмуш куруп, 3 жашта баласы бар экен. Мунун баарын өз оозунан укканда ачууга ууланып, жубайымды сабап салдым. Иренжип, бара-бара мамилебиз сууй баштады. Мурункудан да сөздөр күч алып, «кыз калбагансып жубанга күнү түшүптүр» деген кептер көкөйдү кести. Кыжынып сабай берип келинчегимди кордоп жибердим. Кыскасы, турмушум өз нугунан чыгып кетти. Бир күнү «төркүнүңө кет» дедим да, шаарга кетип калдым. Менин артымдан үйдөгүлөр төркүнүнө жеткирип беришиптир. Азыр шаарда иштеп жүрөм. Жүрөктөгү жакшы нерселерди бир заматта кара так басканына өкүнүп, каңырыгым түтөйт. Жакында ата болом. Балам дагы мен баскан жолду басат. Кимди ата дейт, кандай тарбия көрөт? Эң негизгиси, ата мээримин көрбөй өсөт. Ата жолун баспайм деген мен ушул жолго бардым. Атам кетирген катаны мен дагы кайталадым. Көрсө, тарых кайталанат деген чын тура…

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу