Элдин жонтерисин сыйрыгандарды электебейлиби?

Мурда кийин укпаган кредит, насыя, устөк дегендер арбып барат. Алар канчалык көбөйгөн сайын эл да ошончолук жакырланып баратканы жалган эмес. Ошол эле маалда микрокредиттик компаниялар элди алдап-соолап атып килтейген банкка айланып, кызылдай байып жатышат. Маселен, «Финка банкы», «Компаньон» деген аталыштагы банктар бар. Карапайым калкка олчойгон пайыз менен насыя берип жан багып келет. Алгач кичи кредит берчү компания болуп түзүлгөн бул банкттардын иши кандай жүрүп жатканын аталышынан эле билсеңиздер болот. Бакандай «банк» деген статуска ээ болду. Калктын үстүнөн кампайып аткандары менен кайрымдуулук же болбосо мамлекетке пайда келтирээр иштерге келгенде бөгүп калышат. Андыктан ушундай майда-барат, мамлекетке бир тыйынчалык пайда келтирбеген, өздөрүнүн капчыгын кампайткандан башканы билбеген банктарды жабуу жолун ойлонушпайбы? Дегеле коомчулук мындай мите өңдөнгөн сүткорлорду жабуу демилгесин көтөрүшпөйбү?

БУЛАК:Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу