Элдик курултай: Жээнбековдун иши канааттандырарлык деп табылды

Саясий жана коомдук уюмдардын элдик курултайында азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин VI чакырылышына да баа берилип, көпчүлүк добуштун жыйынтыгында канааттандырарлык эмес деп аныкташты.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишинин канааттандырарлык эмес деп табылуусуна 6 катышуучу калыс экендигин айтса, көпчүлүгү макулдугун беришти. Андан кийин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратып, кол тийбестигин алуу боюнча сунуш колдоо тапты. Бул боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам чыгаруу талабы коюлду. Ошондой эле парламент менен Башкы прокуратурага Атамбаевдин ишине укуктук баа берүү милдети жүктөлдү.

Ал эми саясий куугунтукка алынган деген саясатчылардын ишин кароо үчүн мамлекеттик комиссия түзүү сунушу да кабыл алынды. Ошондой эле кендерди иштетүү боюнча кабыл алынган чечимдерди жана аткарылган иштерди кайра текшерүүгө алуу боюнча комиссия түзүүнү сунушташты.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу