«ЭЛДИК КАБАРга» жооп: «Москвада каза болгондор — кыргыздар. Алардын аты-жөнү такталган»

«Москвада киши колдуу болуп каза тапкан 2 жаран Кыргыз жарандары. Алардын аты-жөндөрү такталып, туугандарына кабар берлиди».

Мындай маалыматты Кыргыз Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев билдирди.

«2017-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын жарандары 1980-жылы туулган Ж.Искендер Т. жана 1981-жылы туулган М.Мурат М. Москва шаарында өздөрү жашаган батирден чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес. Бул боюнча алардын жакындары 30-декабрь күнү Москва шаарынын полициясына арыз менен кайрылышкан.

Ушул эле 30-декабрь күнү, Москва облусунун Жуковский шаарындагы Наркомвод көчөсүндө Москва дарыясынын жээгинен балыкчылар М.Мураттын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денесин таап алышкан. Андан соң, 7-январь күнү ошол эле жерден экинчи дайынсыз жоголгон Ж.Искендердин да жансыз денеси табылган. Бул фактылар боюнча Москва облусунун Тергөө Комитети тарабынан адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда полиция кызматкерлери менен биргеликте ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кылмыштын бетин ачуу боюнча иштерди алып барууда», — деди Аскат Алиев.

БУЛАК: SUPER.KG Автор: Гүлжан Асанкожоева

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу