Элге батпай калган Абдил Сегизбаев менен Алмаз Усенов Ысык-Көлдүн кайсы жеринде жашынып, эс алып жатышат…

Атамбаевдин режими учурунда потенциалдары жетишпесе да бири УКМКнын төрагасы, экинчиси президенттик аппараттын жетекчиси болуп кызмат өтөгөн Абдил Сегизбаев менен Алмаз Усенов деген эки эргул жайкы сезондо Ысык-Көлдөгү пансионаттардан пансионат тандап эс алышчу. Албетте инфраструктурасы жакшы өнүккөн көлдүн түндүгүндөгү жабык пансионаттардын ардактуу мейманы болушчу.

Ал эми азыр элге батпай калган эки эргул Ысык-Көлдүн эл аз барган түштүгүндөгү карапайым эле пансионаттардын биринде эс алып жүргөнүн кабарлашты. Экөөсү ээндеп ээрчишип, эки жагын элеңдеп каранып, абайлап сүйлөшүп, бейтааныш бирөө жакындап келатса жакындатпай жаа бою качып, корунуп, эс алып жатышканын көргөндөрдүн боору ооруйт. Элге батпай калат деген ушул да.  Эмесе бир кезде Кудайын тааныбай калышпады беле. Канчалаган саясатчыларды күнөөсүз жерден айып тагып, жабык сот артында каматып жиберишкен.  Эми ошолордун убалы тийип баштаса керек. Тааба эмес тооба кылдык.

Элден чыгып калган атамбаевчилер Абдил Сегизбаев менен Алмаз Усенов Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Барскоон менен Тамга айылдарынын ортосундагы пансионаттардын биринде жашынып, эс алышканын жергиликтүү булактар билдиришти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу