Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: «Атамбаевдин эки ай эс алуусу көп эмес»

-Элвира айым, КСДПнын кышында өтө турган съезди эмне себептен улам артка жылып жатат? Ушул маселенин так түйүнү чечилбей жатат го?

-7 жыл тынымсыз бийликтин, жоопкерчиликтин эң жогорку деңгээлинде болгон адамдын эки ай эс алуусу көп эмес. Мен ойлойм, Алмазбек Шаршенович өзүнүн мүнөзүнө жараша бир ишке киришсе, артка кайтып, эс алууга кайра убакыт аз болот. Ошондуктан, ойлонуп, эс алуу менен бирге пландаштырып жаткан кезек. Мен үчүн түшүнүктүү нерсе.

-Абанын булганышынан, жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн улам өкмөт автоунааларга техникалык кароо киргизүүнү демилгелеп жа­тат. Өкмөттүн мындай кадамдарына оюңуз кандай?

-Туура, баардык жерде тартип болушу керек. Азыр жол кырсыктары болгондо да жоопкерчиликтен качкандардын са­ны көбөйдү. Сырттагы автоунаалардын саны канча экенин билесизби? Арасында канчоосу эскирген, техникалык кароодон такыр өтпөй жүргөндөрү канча дейсиз? Анан калса шаардын ичинде жана чеке-белдеринде көмүр жана башка отундун түрлөрү менен мончо жаккандан улам да аба булганып жатат. Ошондуктан өкмөттүн бул жааттагы кадамдары туура.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу