Элвира Сурабалдиева, депутат: “Командировкага чыгууда үнөмчүлүк жагына көңүл буралы”

-Элвира айым, сиз учурунда мамлекеттик кызматкерлердин командировкалык чыгымдары тууралуу көйгөйлүү маселе көтөрдүңүз эле. Анын жыйынтыгы кандай болду?
– Ал боюнча социалдык түйүндөрдө чоң талкуу жүрбөдү беле? Демек, коомчулукта кызыгуу чоң. Негизи, командировкалар чектелүүгө тийиш. Мисалы, Кытай мамлекетин алып карай турган болсок, бир жылда бир эле жолу сыртка чыгышат экен. Кытай кедей эмес, бай эле өлкө. Ошондой бай өлкөдө мамлекеттик каражаттын сарпталуусуна ушунчалык кылдат көңүл бурулуп жаткан соң, биздин мамлекет бул жагынан өтө үнөмчүл болушу керек да.
– Бүгүн эле спикер «командировкада жүрүшөт» деп беш-алты кишинин аттарын атады. Алар чет элдик сапарларга кимдин эсебинен барып жүрүшөт?
– Менин билишимче, Жо-горку Кеңештин командировкаларынын 90 пайызы мамлекеттин эсебинен эмес, чакырылган тарап төлөп келатат.
– Командировкалык чыгымдар боюнча парламентте маселе көтөрүлгөн соң кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?
– Мен эми аны көзөмөлдөгөн жокмун. Бирок, мамлекеттин эсебинен тияк-быякты кыдырып көнүп калган адамдар «эл бизди талкуулайт тура, каражатты үнөмдөш керек экен» деп ойлонуп калышат го…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу