Экс-чекист Кеңешбек Дүйшөбаев рейдерби?

УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев тууралуу кызыктай маалымат тарады. Социалдык түйүндөрдөгү маалыматта белгисиз адам Дүйшөбаев катышкан баскынчылык иш тууралуу айтып, аны “Генерал Дүйшөбаев – рейдер” деп атаган. Анда УКМКнын мурунку башчысы курсташы Жаныш Бакиев менен бирге кыймылсыз мүлктү сактап берүү үчүн кантип ири суммада акча алышканы айтылат. Маалыматтын чын-бышыгын териштирүү убакытты талап кылат, ал жумушту баштоо менен катар, биз азыр аноним каттын текстин болгонун болгондой жарыялап турабыз.

“Менин атым А.Т., ишкермин, кыймылсыыз мүлк менен иштейм, курам жана алып-сатам. 2009-жылы Чолпон-Ата шаарындагы “Участок 20” биостанциясынын аймагынан жер тилкеси (1290 м2) менен коттедж (247 м2) сатып алдым. Жээктен болгону 500 метр аралыкта жайгашкан коттедж 200 миң АКШ долларына бааланган. Тилекке каршы, башка көптөгөн ишкерлер сыяктуу эле, мага да апрель ыңкылабынан кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө туура келди, анткени Ысык-Көлдө мыйзамсыздык өкүм сүрүп жаткан. Укук коргоочулар тарабынан да, жергиликтүү кылмыштуу топтор тарабынан да мародерчулук, талап-тоноочулук, баскынчылык жүрүп жаткан. Кыргызстандан кетип жатып мен үйүмдү бул аймакта абдан таанымал, таасирдүү бир досума карап турууга убактылуу калтырып кеттим. Менин жогумда УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Жаныш Бакиевдин курсташы Анарбек Жакыпов менен биргеликте кызмат абалынан пайдалануу менен аталган кыймылсыз мүлктү сактап беребиз, болбосо басып алабыз деп ишенимдүү адамымды коркутуп, опузалап жатып 100 миң доллар алышыптыр. Каалагандай кылыктарды жасашкан, болуп көрбөгөндөй мыйзамсыздык болгон”, — деп жазылган аноним катта.

Кат ээси чекист Кеңешбек Дүйшөбаев менен Анарбек Жакыпов тууралуу башка да маалыматтарды келтирген.

“2011-жылдын 29-сентябрында Башкы прокуратура тарабынан Б.Сулайманов аттуу жарандын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Расмий эмес маалыматтарда, жөө адамды сүзгөн унааны УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев башкарып бараткандыгы айтылган. Окуяны көргөндөр башкы чекист адамды сүзүп алганда адекватсыз абалда болгонун жана кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылганын айтышкан. Анарбек Жакыпов апрель ыңкылабына чейин жеке чөнтөгүн толтуруу үчүн бардык соттук, укук коргоо органдарында Жаныш Бакиевдин курсташы экенин айтып жүрчү. Мен Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдым. Кыргызстандын жаңы бийлиги мыйзам тарабында болооруна үмүт кылам”, — деп билдирет кайрылуучу.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу