Экс-судья Мамытовдун эл аралык деңгээлдеги аферасы, же “крышасы”ким?

“Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” деген жакшы макал бар. Кылгылыкты кылып кыл жип менен бууп коюшуп, ал жоругун башкага шылтап догурунгандарга тиешелүү.Мына экс-судья Эмилбек Мамытовдун “көз боёмочулук, баскынчылык” жоруктары тууралуу улам бир жаңы факты чыгып, аягы көрүнбөйт.

Буга дейре экс-судья Мамытов ишкер Раджаб Абдурасуловду бизнестеги өнөктөштөрү менен кошо чоң суммадагы каражатка сызга отургузганы, 4 кабаттуу офисттик эки имаратты алдамчылык жол менен мыйзамсыз өзүнө жана аялы Чолпон Шаршеновага каттатып алганы жазылган. Жубайы Чолпон Шаршенова болсо ишкерге телефон чалып, ар кандай сунуштарды айткан жоруктарына да кенен токтолгон элек. Ишкер менен телефондук сүйлөшүүсүндө Чолпон айым кокус өзүнө бир нерсе болсо, күйөөсү Мамытов жоопкер болоорун айтып ыйлактаган жайы бар. Баласы Эмилбек уулу Мырзабек болсо, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын 6 миллион 200 миң сомго зыян келтирип, бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй келет. Ал аз келгенсип, Казакстандагы бир топ ири компанияларды да сызга отургузуп кеткендиктен, алар учурда соттошуп жатат. Айрымдары соттон утуп алып, доосун өндүрүп алуу маселесин караштырышууда. Биз дал ушул маселеге байланыштуу жабыр тарткан ишкерлердин чакыруусу менен Алматыга барып, чырлуу жагдайдын күнгөй-тескейин иликтеп кайттык.

Мына азыркы тапта экс-судья Эмилбек Мамытов менен баласы Эмилбек уулу Мырзабек “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын, ошондой эле ишкер Абдурасуловду сызга отургузган иш иликтенип, тергелип жатат. Башкы прокуратура “Кыргыз темир жолу” боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми Казакстандык бир топ ири компаниялар ата-балага коюп жаткан 10 миллион сомдук, АКШ доллары менен алганда 150 миң долларды чапчыган доону өндүрүп алуу боюнча соттошуу менен алек.

Тактап айтканда, Казакстандын “Шынгартранс” жана “Блюспарк” фирмалары соттон утушуп, доолорун өндүрүп алуу үчүн Кыргызстандын тиешелүү укук коргоо органдарына Алматы сотунун чечимин легалдаштыруу үчүн кайрылганы жатышканын аталган компаниянын жетекчиси менен юристи айтышты. Алар Эмилбек уулу Мырзабектин алдамчылык иштерине байланыштуу Кыргызстанга чейин келип, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылышканын, бирок эч майнап чыкпаганын белгилешти. Анткени экс-судья Мамытов,  баласы Мырзабек  менен ишкерлердин ортосунда конфиликт чыгып, ишкерлер нааразы болуп кетишкен. Андан кийин ата-бала жолугушуудан качып, кийин такыр эле телефондорун албай коюшкан. Натыйжада Алматы сотуна берип, сот аркылуу чыгымдарын өндүрүп алууну көздөп турушканын билдиришти. Мындан сырткары дагы бир “Исткомтранс” аттуу компания соттошуу алдында турат… Учурда сотко доо арыздарын камдап жатышканы маалым болду…

Ошондой элероссиялык ишкер Куриленко Виктор Николаевичке таандык «Меридиан-Логистик» ишканасынын 50 пайыздык үлүшүн Мамытов өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдык тастыктоосунун негизинде тартып алган иштин да чоо-жайына да кызыктык.

Бул иштин башкы каарманы Куриленко Виктор Николаевич менен да Алматыда жолугушуп маектештик. Ал өз сөзүндө Мамытов анын колун жасап 50 пайыздык үлүшүн тартып алганы чын экенин, соттук иштер башталса жабырлануучу катары сотто өз сөзүн айтып, мыйзамсыз иштердин бетин ачам деп отурат. Ал түгүл “Кыргызстанда мыйзам иштейби, эмнеге мыйзамсыз кылмыштуу иштерге барган адамга чара көрүлбөйт” – деп нааразычылыгын билдирди.

Айтор, экс-судья Мамытовдун жана анын үй-бүлөсү аралашкан алдамчылык, көз боёмочулук иштер эл аралык деңгээлде экенин чет өлкөлүк жабырлануучулардын дооматтары тастыктап турат. Айткандай, экс-судья Мамытовдун улам бир былыгы ашкере болуп жатканына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин ким канатына калкалап жатат деген суроо туулбай койбойт. Бизге бул боюнча дагы маалыматтар түшүүдө. Эми бул туурасында кийинки санда кенен кеп кылабыз…

Бүгүнкү күндө экс-судья Мамытов Бишкек шаардык ИИБнын тергөөчүсүнүн токтому менен арест коюлган чырлуу эки офистти сатууга катуу аракет көрүп жатат. Экс-судьянын балсы аресттеги офисттерди 400 миң долларга сатуу тууралуу интернетке жарыялаган.  Бул жоруктары менен ата-бала дагы алдамчылыкка барышууда. Анткени эгер кимдир бирөө офисттердин арсетте турганын билбей сатып алышып, өздөрүнө көйгөй жаратышат. Укукту жактан дагы чалкештик жаралат. Бул маселеге тиешелүү органдар маани бериши абзел.

Албетте, бул боюнча экс-судья Мамытов жана жубайы, баласы ак же көк дей элек. Өздөрүнүн ой-пикирлерин айтабыз дешсе, аларга дагы гезит бетинен орун берүүгө даярбыз. Буга чейин Мамытов өзү келип, өзүнүн чындыгын айтаарын билдирген. Биз ага макул болуп, жазып келген материалын жарыялап берээрибизди айттык. Бирок Мамытов ошол бойдон кайрылган жок. Эгер өз пикирин айтам десе, биз гезит бетинен орун беребиз.

Нурбек Бакасов, “Фабула”

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу