Экс-премьер Сатыбалдиев ооруканадан тергөө абагына киргизилди

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, буга Сатыбалдиевдин ооруканадагы дарылануусу аяктаганы, ден соолугунун туруктуу абалы себеп болгон.

Сатыбалдиев ден соолугу начарлаганына байланыштуу 18-сентябрда Бишкектеги ооруканалардын бирине которулган.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган. Ага карата Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизация кылуудагы мыйзам бузулган учурлар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.

Сатыбалдиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу