Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин архивдик сүрөтүЭкс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

Өкмөттүн мурдагы жетекчиси коррупциялык иштерге шектелүүдө.
Экс премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

УКМКнын маалыматына караганда, өкмөттүн мурдагы жетекчиси коррупция иштерине аралашты деген шек жаратып жатат.

Ал Улуттук коопуздук кызматынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери башталды.

Парламент жазында депутаттык убактылуу комиссия ТЭЦти модернизациялоого алынган кредиттин канчалык майнаптуу, туура пайдаланылгандыгын жана аталган жайдагы авариянын себебин иликтеген отчетту уккан. Ага мурдагы премьер-министрлер жана энерго тармактардын башчылары да чакырылган. Кийинчерээк ТЭЦти модернизациялоо маселесине байланыштуу коррупциялык учурлар чыгып, бир катар аткаминерлер камакка алынган. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев жана башка аткаминерлер бар.

Булак:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу