Экс-президент 25 жылга камалды

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хеге паракорчулук, кызматын кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптоолордун негизинде берилген жаза апелляциялык сот тарабынан бекитилди. Ага ылайык Пак Кын Хе 25 жыл абакка киргизилди.

66 жаштагы экс-лидер паракорчулукка аты аралашкан жаңжалдан улам өткөн жылы кызматтан алынган. Прокурорлор миллиондогон доллар пара алганы жана ишкерлердин кызыкчылыгына кирүү сыяктуу 21 түрдүү беренеден улам Парк Кын Хеге 30 жыл абак жазасын өтөөнү талап кылган.
Мамлекет башында турган адамга байланыштуу жаңжал белгилүү болгондо түштүк кореялык жарандар көчөгө чыккан. Жүз миңдеген адамдар катышкан ири нааразылык акциялар өткөн.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу